www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экөөбүз жолугушубуз керек...

Кызгалдак Жакыпова 13-июнь 2019, 12:19

Турмуш Коом


Экөөбүз жолугушубуз керек...

-  Саламатсыңбы! Кош майрамдар менен! - Күтүлбөгөн жерден баракчама кат келди.

- Жакшы, рахмат, өзүңүз? Ошол боюнча башка күнү сүйлөштүк. Ал учурда мен үчүн маанилүү эмес элеңиз. Мен үчүн баары бир эле. Жооп бергим келбей жатып жазчумун. Ага карабай тез-тез жазып турдуңуз. Жактырып калганыңызды айттыңыз. Анда деле маани берчү эмесмин. Азыр ошол күндөр кайрылып келсе кана!

Күндөн-күнгө жакындап, менин дүйнөмө кире баштадыңыз. Ошол кездерде сиздей аяр караган, мени жакшы көргөн жигит жокко эсе эле. Башка жигиттер менен салыштырганда асман менен жерден айырмачылык бар эле. Бирок жашыбызда да ошондой чоң айырмачылык бар болчу. Сизди ушунчалык жакшы көрүп калганымды да билбепмин. Мен ишенген, мен сүйөнгөн, мен болочок жолдошум катары элестеткен адам элеңиз.

Бир күнү кайрадан чалдыңыз:

-  Экөөбүз жолугушубуз керек.

- Тынччылыкпы? - Тынч эле.

- Айта бериңизчи, чый-пыйымды чыгарбай?

- Сен жапжаш, супсулуу, акылдуу кызсың...

- Анан?..

-  Окууңду аяктасаң, сөз жок өз бактыңды жолуктурасың... - түүт... түүт.. телефонду басып салдым. Мага бакыт каалап, тез арада үйлөнүшүң керек экенин, үйүңдөгүлөр тойго даярданып жатканын жаздың...

Тоюң болгонун да уктум. Адамдарга таңгалам. Анда неге жүрөгүмдү жаралады? Мен үчүн ушунча убактысын коротту? Жашоону да тасмадай кылып, кыскартып, кыркып сала турган болсо, мен бул күндөрдү жер менен жексен кылмакмын. Бирок, андай болбойт экен. Мен бой жетип калгам. Сиз аны түшүнгөн жоксуз... Сонун адамдын жүрөгүндө болуу да керемет экенин кеч түшүндүм...

ЗАРИНА

Булак: "АЗИЯnews"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83