www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шайлоонун шарапаты Тазабек Икрамовду туура сүйлөттү эй

Айдар Нуралиев 13-июнь 2019, 13:22

Саясат


Шайлоонун шарапаты Тазабек Икрамовду туура сүйлөттү эй

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов өкмөттөн Бишкек жана Ош шаарларындагы таштанды иштетүүчү заводдун курулушу боюнча сүйлөшүүлөр эмне болгондугун сурады.

Анын айтымында, Кыргызстандын жаратылышы абдан кооз, бирок, шаарлардагы таштанды маселеси чечилбей, санитардык коопсуздукту эч ким мойнуна алгысы келбейт. Таштанды таштоочу жайды жасоо жана заводдун курулушу боюнча маселеде эч нерсе белгисиз.

“Азыркы таштанды таштоочу жайлар шаарга жакын жайгашкан, ар кандай оорулар таркап жатат”, - деп айтты ал.

Т.Икрамов шаардын сырткы келбетине кейип, Токтогул жана Бөкөнбаев көчөлөрүндөгү  аялдамалардагы  абалга тынчсыздануусун билдирди.

“Кичи автобустар аялдамаларга токтой албайт же башка жерлерге токтоп алып айып төлөп жатышат”, - деп кейиди депутат. Бирок, талап кылган депутат аялдама, каттам боюнча көйгөйдөн чыгуунун жолун келтирген жок.

Баары туура депутат мырза, бирок, бул көйгөй кечээ-бүгүн чыга калган жок. Таштанды маселеси заводдун курулушу менен чечилиши мүмкүн. Бирок, сиз айткан аялдама менен кичи автобустардын абалы -  көчөлөрү тар, кошумча транзиттик жолдор курулбаган шаарыбыз менен силердей аткаминерлер турганда өзгөрбөгөнү өзгөрбөгөн.

Билбейм, депутаттын жанына бул маселе чындап батканынан өтө көпкө ойлонуп жүрүп бүгүн айттыбы же шайлоонун шайтан оюндары шаштысын алып жатабы? Айтор, балп эттирди...

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83