www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сагынбаеваны сагынсаңыздар Батукаевге бата берген ошол

Перизат Кутманалиева 13-июнь 2019, 16:15

Аналитика


Сагынбаеваны сагынсаңыздар Батукаевге бата берген ошол

Сагынбаева Саламаттыкты сактоо министри болуп туруп: “Азиз Батукаев өлгөнү калды, аны бошотбосок болбойт” –деп, медициналык бүтүм чыгартып, боштондукка чыгарган. Ал кезде президент Алмазбек Атамбаев болгон, ал эми анын экинчи аялы Раиса Атамбаева Татарстанга барып, ошол кезде ал жактын президенти Миннихановго : “ Душа моя Татарстан” -деп чыйылдаган. Чыйылдаса чыйылдай берсин, бирок ал кезде ал президенттин жубайы эле да, болгондо да Кыргызстандын президентинин жубайы эле. Анда эмне Казанга барып Татарстанды мактайт? Же Кыргызстандын президенти Атамбаевдин экинчи жубайы экенин унутуп, каны козголуп кетип татарларды мактап жибердиби? Ал бир топ саясатта ашмалтай кылган, ошонун бири бир курстан окуган курсташы Динара Сагынбаеваны Саламаттыкты сактоо министри кылган. Парламент болсо бир добуштан дүркүрөтүп кол чаап, Сагынбаеваны министрликке өткөзгөн. Сагынбаеваны эл сагынган жок, анткени ал курсташынын аркасы менен министр болгону менен тарыхта өлбөс-өчпөс иш калтырды. Нарында камакта жаткан Азиз Батукаевге “катуу оорулуу” деген медициналык бүтүм чыгартып, камактан бошотуу үчүн, катуу кам көргөн. Эмне үчүн Батукаевди бошотууга жан талашып аракет кылган? Себеби, “подружкасы” Раиса Атамбаевага жагынууга аракет кылган. Анын мындай ой-пикирине эл көнгөн эмес, анын министрликтен кетиши үчүн көпчүлүк тикесинен-тике турган. Сагынбаева Батукаевди кетиргени үчүн министрден кеткен. Бирок, “подружкасы”  аны мурдунан жетелеп, Улуттук госпиталга жетекчиликке алып барган. “ Кыңыр иш кырк жылдан кийин” дейт, азыр кыңыр иш алты жылдан кийин эле билинди, Сагынбаеванын жасалма медициналык жолдомосу, эми ачыкка чыкты.  

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83