www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
КЭР Төрагасы Си Цзиньпин: Кыргызстанда чоң, позитивдүү өзгөрүүлөр болду

Айдар Нуралиев 13-июнь 2019, 16:19

Саясат


КЭР Төрагасы Си Цзиньпин: Кыргызстанда чоң, позитивдүү өзгөрүүлөр болду

«Кыргызстанда чоң, позитивдүү өзгөрүүлөр болду», — деп баса белгиледи Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин бүгүн, 13-июнда Кыргызстанга мамлекеттик визитинин алкагында өткөн Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков менен кеңири курамдагы жолугушууда. КЭР Төрагасы мамлекеттик визит менен меймандос жана дос Кыргызстанга дагы бир жолу келгенине кубанычта экенин өзгөчө баса белгиледи. Си Цзиньпин кытай элинин атынан боордош кыргыз элине салам жана жакшы каалоолорду жолдоду. Ал Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришкенден кийин өлкө экономикасын өнүктүрүү, социалдык туруктуулукту сактоо, коррупция менен күрөшүү, элдин бакубатчылыгын жакшыртуу боюнча бир катар чаралар кабыл алынганын баса белгиледи. «Сиздин ийгиликтериңиз көрүнүп турат. Кең пейил коңшу жана ар тараптуу стратегиялык өнөктөш катары биз Кыргызстан үчүн кубанычтабыз. Биргелешкен аракеттер менен кыргыз-кытай мамилелери абдан өнүктү, жаңы типтеги мамлекеттер аралык мамилелердин үлгүсүн орноттук», — деп белгиледи КЭР Төрагасы. Си Цзиньпин эки өлкөнүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин билдирди. «Мамлекеттик визиттин алкагында көп пландуу эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнү пландап, аны жаңы деңгээлге көтөрүүгө даярмын», — деп баса белгиледи Си Цзиньпин.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83