www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Алаканын ушалап, күздү күткөн Жусупжан Жээнбеков

Кызгалдак Жакыпова 14-июнь 2019, 11:09

Саясат


Алаканын ушалап, күздү күткөн Жусупжан Жээнбеков

Соцтармактарда коомдук жат көрүнүштөргө ой-пикирин жазып, омбу-домбусунан болсо да курч сындамайы бар Жусупжан Жээнбековду ким билбейт? Эки жолу Жалал-Абадга, бир ирет Талас облусуна губернатор болгон. Өзгөчө кырдаалдарда, курч жагдайларда эл менен иштешүүнү өздөштүргөнү маалым. А баса, Бакиевдик кандуу режимде бийликке ачуу сын пикир айткандан тайманбаганы, ошонун айынан баласы жоголуп кеткени да эсибизде. Айтор, бу кишинин башынан оор сыноолор өткөн. Учурда каарманыбыз эс алууда.

Бирок, «атаң алтымыштан ашканда, алдап-соолап күчүн ал» дегендей, Жусукеге ушу турушунда жетекчилик бир кызмат болсо, күүлдөп эле иштеп бермек. Бийликтин колуна кол, бутуна бут болуп. Эгер сырттан байкоо оолугуп, эски досу Атамбаев менен кол кармашып, элдешкис оппозицияга өтүп кетсечи? Кыязы, топ жарып, бакылдап, элди баштаганга ыктуу жан эле Жусупжан Жээнбеков. Күздө саясый кырдаал копшолсо жөн жатпаса керек. Ошол жагын күтүп аткандай, алаканын ушалап…

Булак: «АЗИЯnews»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83