www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ахыбалы оор. Рысалиевди, "экс-президент Алмазбек Атамбаев көрсөтмө берген" - деп айттырууну көздөшкөн

Кызгалдак Жакыпова 14-июнь 2019, 12:45

Саясат


Ахыбалы оор. Рысалиевди, "экс-президент Алмазбек Атамбаев көрсөтмө берген" - деп айттырууну көздөшкөн

ЖК депутаты Зарылбек Рысалиеадин ден соолугу калыбына келе элек. Ал Азиз Батукаевдин иши боюнча суралып, сурак учурунда ахыбалы оорлоп, жандаңдыруу бөлүмүнө тушүп калган. Ал буга чейин бир жолу инсульт алып, кечээ сурак учурунда экинчи ирет жыгылган. Учурда жакшы сүйлөй албай жатканын дарыгерлер айтышууда. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Рысалиевди, "экс-президент Алмазбек Атамбаев көрсөтмө берген" - деп айттырууну көздөшкөн.

Бирок Зарылбек мырза андан баш тартып, "мага эч ким көрсөтмө берген эмес, мен жалган көрсөтмө бере албайм" - деп так кесе жооп бериптир. Мындан улам, анын ахыбалы оорлоп кеткендиги боюнча маалымат тарады. Эскерте кетсек Рысалиев Батукаев камактан чыккан учурда Мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматын жетектеп турган. Эми анын мындан аркы тагдыры кандай болоору белгисиз. Ага чейинки камалгандар, тергөө менен кызматташууну көздөп үй камагына чыгарылышты...

Булак: "Ачык саясат"

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83