www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти

Айдар Нуралиев 14-июнь 2019, 13:35

Саясат


ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчылары  «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти

Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчылары бүгүн, 14-июнда ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жыйынына катышуу үчүн Бишкек шаарына «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчыларын Конгресс-холлдун имаратында тосуп алды. Бирге сүрөткө түшүү аземинен соң делегация башчылары ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын тар курамдагы жыйынына багыт алышты.

ШКУга мүчө-мамлекеттердин башчыларынын тар курамдагы жыйынына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Индия Республикасынын Премьер-министри Нарендра Моди, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Пакистан Ислам Республикасынын Премьер-министри Имран Хан, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон жана Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев катышууда.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83