www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улан Алыбаков: "Кулов Батукаев менен сүйлөшүүгө кирип, 5-6 саат ошол жакта отурган"

Кызгалдак Жакыпова 14-июнь 2019, 17:12

Саясат Маек


Улан Алыбаков: "Кулов Батукаев менен сүйлөшүүгө кирип, 5-6 саат ошол жакта отурган"

-Улан мырза, ИИМ системасында канча жыл иштегенсиз?

– ИИМ менен Жаза аткаруу кызматында иштеген жылдарымды кошкондо 38 жыл иштедим. СССР ИИМ академиясын аяктагам. 19-колонияда иштедим, андан кийин Жаза аткаруу кызматында оперативдүү бөлүмүндө иштегем.

– Сиз колонияда иштесеңиз, мыйзамдагы ууру деген түшүнүк Кыргызстанда качан пайда болгонун билет турбайсызбы? Азиз Батукаев түрмөдөн чыгарылганга чейин мыйзамдагы ууру абактан чыккан учур болгонбу?

– Союз учурунда 20-30-жылдары мыйзамдагы ууру деген түшүнүктер болгон. Кыргызстандагы түрмөлөрдө мыйзамдагы ууру деген кишилер жок болчу. Авторитет, положенец дегендер эле болгон. 1985-1986-жылдары түркмөн улутундагы Нуриев деген соттолгон киши мыйзамдагы ууру деп келген. Ошол адам бошоп жатат деген маалымат башкармалыкка түшкөндө, Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин орун басары Наумов Борис Петрович ИИМ жетекчилерине окуя тууралуу маалымат берген. Бизде ага чейин түрмөдөн мыйзамдагы ууру бошогон окуя эч качан болгон эмес. МАИ кызматынын машиналары коштоп жүргөнгө барышкан. ИИМдин оперативдик-техникалык бөлүмүнүн адамдары дагы сүрөткө тартып, иликтегени барышканын билем. Сокулук районунун жергиликтүү милициясы, ГУУРдун кызматкерлери дагы ошол жерге баруусун суранган. Бизге жеткен маалымат боюнча Нуриевди тосуп алганы 3-4 машина келген. Ошол машиналардын ичинде Нуриевди тосуп алабыз деген түркмөндөрдүн мыйзамдагы ууруларынан үчөө-төртөө бар экен. Биздин инструкцияга жазылабы же жазылбайбы, мыйзамдагы ууру абактан чыгып жаткан соң, башка абактагы оперативдик абалды бузуп жибербеши үчүн тартипти сактоо максатында көзөмөлгө алууга милдеттүү болгонбуз. Жаза аткаруу кызматы ошондой чечимди кабыл алып, ИИМ жетекчилигине маалымат берген соң, алар дагы биздин аракетти туура деп эсептешип, МАИ кызматкерлерин, оперативдик-техникалык бөлүмдүн кызматкерлерин, ГУУР жана жергиликтүү милициянын балдарын жөнөтүшүп, 19-колониянын балдары дагы туура иш алып барышкан.

– Батукаев түрмөдөн бошогон күнү эле өлкөдөн чыгып кетип жатпайбы. Профилактикалык иштерди жүргүзүүгө убакыт бериш керек беле?

– Бул жерде “сговорго” окшогон иш болуп жатат. Батукаев үчүн баардык жерде жашыл түс күйүп турат да. Бир да жерде тоскоолдук болбой, бүт эшиктер ачык, баардык кызматкерлер даяр түрушкан. Эч жерден токтобой өтүп кетти. Эң жогор жактан
мынчалык эч ким чуркабайт. Менин билишимче соттун чечиминде дагы тамаша болуптур. Соттун эки чечими чыгыптыр. Биринчисинде 10 күндүн ичинде бүткөн жумуш болмок. Ошол эле сотко жогор жактан телефон чалып “10 күндүн кереги жок, бүгүн эле бошотосуң” деп буйрук бериптир, ошондон кийин экинчи чечимин чыгарып жатпайбы. Бул жерде бирөөнүн кызыкчылыгы болгонун ушул эле чечимдер далилдегенсип жатпайбы.

– Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери Батукаевди Нарындан баштап “Манас” аэропортуна чейин коштоп барган деп айтылып жатат. Алардын коштоп барганга укугу бар беле?

– Батукаев түрмөдөн бошогон күнү эле Кыргызстандан чыгып кетип жатат. Анын эски чечилбеген жумуштары, бирөөлөрдөн ала албай калган карыздары бар. Абактан чыккан соң өлкөдөгү колонияларга ызы-чуу салса эмне болмок? Ошондуктан Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери кокустук болуп кетпесин деп көзөмөл иретинде жүргөнү туура болгон. Алар Батукаевдин колуна кишен салып, курал менен кайтарып жүргөн жок да. Аэропорттон чын эле учуп кеткенине өздөрү күбө болуш үчүн оперативдүү көзөмөл жүргүздү да. Мында укугу бар же жок эле деп айтыш туура эмес. Башка колонияларда ызы-чуу чыгып кетпеши үчүн ушундай аракетти көргөнү туура эле.

– ИИМ министри болгон генерал Феликс Кулов Батукаевди коштоп жүргөнгө Жаза аткаруу кызматында андай инструкция жок болчу деген пикирин айтып жатпайбы?

– Эч ким Жаза аткаруу кызматынын укугу жок болчу деп айта албайт. Ким ошол учурда Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси болгон болсо, башка колониялардагы оперативдүү абал ошонун мойнунда болгон. Колонияларда абал бузулбасын, чыр-чатак чыкпасын, киши өлтүрүү болбосун деген милдет жетекчинин мойнунда болот. Мыйзамдагы ууру деген статусту алган киши абактан бошоп, ал бүт колонияларда бунт көтөрсө, ал үчүн ким жооп берет? Кайра эле Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси жооп берет. Ошон үчүн оперативдүү көзөмөлгө алышы керек болот. Алар Батукаевди коштогондо жанында жүрүп, түрткүлөп, сүдүрүгөн жок да. Батукаев эркин эле жүрүп, аэропорттон учуп кетти. ГУУРдун, ГУБОПтун балдары дагы оперативдик көзөмөл жүргүзүшүп жүргөн. Аларга деле укуктуу же укугу жок деп эч ким айтпайт. Ар бир кызматтын өзүнө тийешелүү болгон милдеттүү жумушу бар. Алар ошол жумушту аткарганга милдеттүү. Батукаев катардагы зек эмес, мыйзамдагы ууру, каалаган колонияда абалды бузуп, ызы-чууну жаратып коймок.

– ГУБОП Батукаев бошогондо профилактикалык жумуш жүргүзсө болот беле?

– Эгер оперативдүү маалымат түшкөн болсо, аны кабинетке чакырып, мыйзамды бузбай турганы тууралуу тил кат жаздырса болот. Сүйлөшүү жүргүзгөнгө неге болбосун? Камчы Көлбаевди Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салган учурду билесиңер да. Көлбаевди чакырышып, Россиянын чыгарган чечими менен тааныштырып, кол койдурган. Ал мыйзамдагы ууру катары басып өткөн жолунда кара так бар дешип Россиянын аймагына кирүүгө тыюу салып коюшкан. Мыйзамдагы ууру Нуриев бошогондо дагы башка колонияга барып абалды бузуп жиберүүгө мүмкүнчүлүгү бар деп кайтарууга алганбыз. Батукаев дагы башка колониялардагы абалды өзгөртүп жибериши мүмкүн болчу.

– Батукаев бошоп жатканда Көлбаев дагы мыйзамдагы уурунун тиреши дагы Батукаевди өлкөдөн чыгарууга себеп болгон жокпу?

– Мен антип ойлобойм. Батукаев менен Көлбаевдин ар кандай кызыкчылыгы болгон, кээде кошула кетишсе, кээде бир нерсени бөлүшө албай чабышып кетет эле. Көлбаев Рысбек Акматбаевдин тууганы дагы болот. Батукаевдин өлкөдөн чыгышына бул себепкер болбогон деп эсептейм. Азиз Кыргызстандан биротоло чыгып кетип жатат. Анын бул жакта эсептешпей калган иштери бар болчу. 8-колониядан анын бир тууган агасын өлтүрүшкөн. Буларда кандуу кек деген аябай күчтүү. Ошолор менен эсептеше элек болчу. Акматбаев менен тиреште эки тараптын тең балдары өлгөн. Ал жакта дагы эсептешчү иштери калган. Жаза аткаруу кызматы Батукаевдин эсептешчү иштери калган, ошолорду бүтүрүп кетиши мүмкүн деп аны дагы эске алган болуш керек. Ошон үчүн оперативдүү көзөмөл жасаган деп ойлойм. Алар “конвоирование” кылган жок да. Көз салып гана жүрүшкөн. Эгер Батукаев аэропортто чет элдик жарандарды туткунга алган болсо ким жооп бермек? Анда дагы эмне үчүн Жаза аткаруу кызматы баарын ойлогон жок? – деп айтмак. Кайра эле Жаза аткаруу кызматы баарын мойнуна алат. Ошондуктан Жаза аткаруу кызматынын ошол кездеги жетекчиси оперативдик көзөмөл жүргүзүп, туура чечим кабыл алган деп эсептейм.

– Тынычбек Акматбаев колонияда Батукаев тарабынан өлтүрүлгөн окуяда Феликс Кулов сүйлөшүүгө кирип, атайын операция жасоого уруксат бербеген деп айтылды. Куловдун ошол кезде сүйлөшүү жүргүзгөнү туура эле болгонбу?

– Премьер-министрдин статусу соттолгон зектин статусунан алда канча жогору. Өзү барбай эле башка адамга буйрук берсе бармак. Ошол учурда өзүнүн канчалык кызыкчылыгы болгон? – деген суроо жаралбай койбойт да. Кулов Батукаев менен сүйлөшүүгө колонияга киргенде 5-6 саат ошол жакта олтурду. Киргенде эле 3 киши жарадар болуп каны агып жаткан. Жарадарларды бергиле деген шарт менен кирсе туура болмок. Тез жардам колониянын сыртында турган. Ошол адамдарды чыгарганда алгачкы тез жардам көрсөтүлүп, мүмкүн ошол адамдар аман калмак. 5-6 саат жатып калышып, көп кан жоготушкан. Биринчи кезекте жарадарларды колониядан чыгарыш керек деген маселени чечиши керек эле.

– Жаза аткаруу кызматы абактагы адам оорулуу болсо өздөрү текшерет эмеспи. Батукаев чын эле оорулуубу же жокпу дегенге ишенимдүү болуш үчүн өздөрү текшерүүгө алыш керек беле?

– Менин маалыматым боюнча мындай иштердин баарын Жаза аткаруу кызматы жасаган. Батукаевди Нарын облустук ооруканасына текшерүү үчүн бир айга жөнөтүшүптүр. Облустук оорукана 10 күндөн кийин Батукаев оорулуу эмес, алып кеткиле деп чыгарып бериптир. Ушул жерден эле, Жаза аткаруу кызматы Батукаев оорулуу эмес деп жатса, кантип бошотууга демилгечи болот? – деген суроо жаралат да.

– Азиздин өзүн көргөнсүзбү?

– Жаш кезинде көргөм. 1986-жылы Жалал-Абадда олтурган учурда оорукчан деп № 3-колониядагы борбордук ооруканага келет. Борбордук ооруканада жөн олтурбай, колония менен оорукананын ортосундагы тосмодон колонияга өтүп, жөнөкөй жаран катары кийинип жүрөт. Аны колонияда олтургандар кармап алып, ШИЗОго жаап салат. Ал жакта жөнөкөй жарандын кийимин чечесиң, түрмөнүн кийимин кийгизебиз десе, кийүүдөн баш тартып, оозуна катып алган лезвияны алып чыгып, эки колуна кармап эч кимге моюн бербейт. Абактагылар аны токмоктоп коюшат. Ошол окуяны билем.

Булак: «Жаңы Ордо»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83