www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эльвира Сурабалдиева: "Кыргыздын келечеги үчүн башкасы күйсө да, ушу шовинист Карамушкинага ишенбейм"

Айдар Нуралиев 15-июнь 2019, 10:04

Саясат


Эльвира Сурабалдиева: "Кыргыздын келечеги үчүн башкасы күйсө да, ушу шовинист Карамушкинага ишенбейм"

Жогорку Кеңештин "чимкирик" эмес он депутатынын алдын толуктаган, парламентте бир топ реалдуу маселелерди көтөрө билген депутат айым Эльвира Сурабалдиева Facebook баракчасына депутат Ирина Карамушкина тууралуу билдирүү жазды. Төмөндө депутаттын билдирүүсүн эч өзгөртпөй бердик.

"Саясаттагы эки жүздүү эл өкүлдөрүңөргө көнүп деле калдыңар го? Эстетип кетсем, депутат Ирина Карамушкина эки жылдайбы, расмий сапарда коллегаларыбыз менен РФ бара калып, орустарга кыргыздарды жамандаганын унута элекмин. "Кыргыздар орустарды басынтып, кыргызча сүйлөгүлө деп мажбурлаганынан сыртка чыга албай калдык. Куурадык ай, байкуш СИЗДЕРДИН орустарыңарга жардам бергиле!"- деп, биздин делегацияны иттей жаман абалда калтырган. Орус тилине, союздан бирге өткөн жолду, биргелешкен тарыхыбызды, эмгекти эске алып, расмий статусту берген ЭГЕМЕНДҮҮ мамлекетбиз. Ошондогу жолугушууда бирге отурган байкелерибизден Карамушкинаны аял киши болгону эле соо калтырды. Саясатта аял -эркекке бөлүнбөйбүз деп айтышса да, ордунда эркек болсо, жакындагы парламентте болгон окуяга окшоп, сөздөрү үчүн жеңил кутулмак эмес. Эл өкүлү деген бийик даражага жынысына карабай, аял болсо да, ичтеби, сырттабы, татыктуу жүрүш керек. Келгенде А.Ш. Атамбаевге маселени жеткиришкенин билем, андан да катуу сөз укса керек. Экс-президентибиз каражат жагынан партиялаштарына бир топ жылдан бери жардам берип жүргөнү жашыруун эмес. Карамушкина эжебизди финансы жагынан колдоп келгенин парламентте баардыгы билишет, өзү да жашырбайт. Эми, саясий чөйрөдө болуп жатканын түшүнүп, алдын ала капалангандай.  Иши кылып, башкасы Кыргызстандын келечегине кайгырса да, ушул эки жүздүү, шовинист коллегама ишенбеймин.  Саясатта көп нерсе бар, мындан ары да дагы болот. Парламент бир жылдан кийин 6-созыв менен коштошот. Андан эрте таркаса да, баардыгы кудайдын жана элибиздин көз астында. Бирок, суураныч, жаңысына элдин чыныгы добушун алган, мамлекет- калкыбызга жан дили менен күйгөндөрү келсин десеңиздер - саясаттан экономикабызды өйдө койгон патриотторду шайлап алгылачы, туугандар.  P.S. Айта турган сөздөрүмдү эл астында күндө кыйкырбасам да, бетке айткан адатымды экс-президент да, азыркы ажоо да, коллегаларым да билишет. Саясатта жүргөндөр кыйынсынып баштаганда, жообум кыска - аркаңар таза экенин текшерип алып, анан акыл үйрөтүп, сүйлөгүлөчү деп", - деп жазды Эльвира Сурабалдиева.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83