www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бакыт Аманбаев мурдагы Акыйкатчы : «Азиз Батукаевдин кылмыш ишинин жыйынтыгы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камалышы менен бүтүшү керек!»

Кызгалдак Жакыпова 15-июнь 2019, 12:30

Саясат Маек


 Бакыт Аманбаев мурдагы Акыйкатчы : «Азиз Батукаевдин кылмыш ишинин жыйынтыгы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камалышы менен бүтүшү керек!»

-Бакыт мырза, азыркы күндө эки кыргыздын башы бириксе эле Атамбаевдин “Форумда” былжырап сүйлөгөн сөзү талкууга алынууда. Атамбаев азыркы президентти болушунча шыбады, Атамбаевдин өз сөзүндө Сооронбай Жээнбеков өзүнө ыңгайсыз гана саясый фигураларды камап жатат деген сөздөрүнө ишенсе болобу?

— Мен Атамбаевдин андай айткан пикирине толук түрдө кошулбайм. Бул жолу да Атамбаев адатынча, сөз тандабай, ылгабай азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун дарегине, анын адамдык сапатына, беделине шек келтирип, шылдыңдаган, кемсинткен сөздөрдү көп айтты. Эң өкүнүчтүүсү, бул жолу президенттин ишенген динине да асылып “Сен мусулман эмессиң, каапырсың, сен шайтанга кызмат кыласың», — ​деди. Мунун өзү кемчонтойлук да. Анткени, башкасы калып, эми адамдын эң ыйык ишенимине шек келтирүү туура эмес, деп ойлойм. Анткени Аллага болгон ишеним, ар бир адамдын Кудай менен болгон жеке иши да.

— Кезегинде Өмүрбек Текебаев “Сентябрь” ТВсы менен ошол кездеги президент Атамбаевди катуу сындап, безине ийне менен сайып чыкчу. Сыртынан демократ көрүнгүсү келген Атамбаев кызмат абалынан пайдаланып, “Сентябрь” теле компаниясын жаап тынды. Ал эми “Апрель” ТВсы азыркы президент Жээнбековду ачык эле айтканда боктоп келет. Азыркы күндө КТРге караганда “Апрелди” эл көбүрөөк көрө баштады.

— Бул өлкөдөгү сөз эркиндиги тууралуу маселе болгондуктан, ага аябай кылдат жана этият мамиле кылуу керек. Албетте, тең салмактуулукту жана журналистикалык этиканы талап кылуу зарыл. Бардыгы мыйзам ченинде көзөмөлдөнүшү керек.

— Бирок “Апрель” ТВсы бир жактуу Атамбаевди айга-күнгө теңеп Жээнбековду ыңгайы келсе, келбесе да бир жактуу сындаганга өтүп алышты.

— Чынында мен деле “Апрель” каналын көп көрөм. Айрым учурларда бир жактуулукка өтүп кеткен учурлары кездешет. Атамбаевдин кече жакында сүйлөгөн сөзүн эле карабайсызбы? “Колхоз”, “башкарма”, “кой”, “зоотехник” деп жеке адамдык сапатына, абийирине, кадыр-баркына асылып жатат. Мындай учурда жок эле дегенде президенттин аппараты, анын басма сөз кызматы экс-президенттин мындай билдирүүсүнө саясый, зарыл болсо юридикалык баасын бериши керек болчу. Антпесе, президенттин бетине көө сүртүп салды. Азыркыга чейин үн катпай, унчукпай отурушат. Жооп беришет го, деп күттүм эле. Мындай учурда президенттин колундагы кызматтар тарабынан коомчулукка ыңгайына жараша расмий жооп берилиши керек болчу.

— Азыркы күндө Атамбаевдин убагында жооптуу кызматта иштеген бир топ жетекчилер кылмыш дүйнөсүнүн аталыгы, мыйзамдагы ууру аталган Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу абакта отурушат. Ушул боюнча да ой бөлүшө кетсең?

— Азиз Батукаевдин маселеси, Кыргызстандын Эгемендүүлүк тарыхында мурда таптакыр болуп көрбөгөндөй, эң жогорку, бири-бирине баш ийбеген мамлекеттик кызматтын жетекчилери биригип алышып, жалган документтерди жасашып; кыргыз элинин душманы болгон кылмышкер Батукаевди кызыл килем менен өлкөдөн чыгарып жиберишти. Бул кылмыштуу ишке ондон ашуун мамлекеттик эң жогорку кызматтын жетекчилери катышкан. Логикалык жактан алганда, ушундай мамлекеттик органдардын жетекчилеринин башын бириктирип, алардын аракеттерин координациялап бир багытка буруп, иштетүүгө бир гана адамдын- ошол кездеги президенттин гана ыйгарым укугу жетиши мүмкүн. Башка бир дагы бийлик өкүлүнүн колунан келмек эмес.

— Демек, коомчулукта ушундан улам кылмышкер Батукаев Атамбаевдин макулдугусуз, эч качан Кыргызстандан чыгып кете албайт болчу, деген сөздөр айтылып жатат го?

— Эл жөн жерден айтпайт эмеспи. Конституцияга ылайык Батукаевди бошотуу ошол кездеги өлкө башчысы, Атамбаевдин гана колунан келмек. Анткени, Конституциянын 64-беренесине ылайык, Улуттук коопсуздук кызматы президентке түздөн-түз баш ийет жана өлкөдөгү коопсуздукка тиешелүү бардык маселелер боюнча күнүнө мамлекет башчысына маалымат берип турууга милдеттүү. Ушул өңүттөн алганда, Батукаевди өлкөдөн чыгаруу “операциясынын” башында Алмазбек Атамбаев өзү турганы ачык эле көрүнүп турат жана андай айтууга толук негиз бар. Бул Кыргызстандын эл аралык кадыр-баркына шек келтирген кылмыштуу иш деп ачык эле айтууга болот. Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков сөзсүз түрдө бул кылмыштуу иштин аягына чыгарып, Батукаевди чыгаруудагы кимдин канчалык күнөөсү бар экенин коомчулукка ачык жеткирүүсү керек. Ошондуктан, Батукаевди чыгаруудагы иште тандалма адамдарга гана кылмыш иши козголууда деген пикир таптакыр туура эмес.

— Россиянын, АКШнын, Казакстандын, Өзбекстандын ж. б. мамлекеттердин президенттери өз өлкөлөрүнүн өтө коркунучтуу делген кылмыш дүйнөсүнүн төбөлүн бир күндө түрмөдөн чыгарып, колуна паспорт берип, өлкө башчыларын узаткандай кызыл килем үстүндө узатканын элестетип көрчү. Батукаевдин иши боюнча мурдагы баш прокурор Аида Салянованы актагандай сөз айтты. Ал эми Батукаевдин боштондукка чыгып кетүүсүнө менин эч кандай күнөөм жок деп касам ичкендей карганып жатат! Сен анын айткандарына ишендиңби?

— Жок. Атамбаев көп учурда ойлонбой сүйлөй берет. Элдин баарын өзүнө окшоп, анча-мынча нерсеге башы жетпейт деп ойлосо керек. Кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү Батукаев кимдин амири менен өлкөдөн чыгарылганы, бул жерде эң чоң ролду ким ойногону даана көрүнүп турат. Мындай кылмыштуу иштин башында президенттин маакулдугу менен Улуттук коопсуздук кызматы жана Башкы прокуратура турган. Себеби Конституциянын 104-беренесине ылайык, Башкы Прокуратура өлкөдөгү мыйзамдуулуктун сакталышына көзөмөлдүүлүк кылуучу (надзор кылуучу) бирден бир Конституциялык орган. Бул жерде мыйзам одоно бузулган. Себеби, Батукаев “Кылмыш жаза кодексинин “ 363-беренесине ылайык чыгарылган. Ал жерде мындай деп жазылып турат. “Эгер кылмышкер адам ооруп төшөктө жатып кала турган болсо, анда врачтардын чыгарган бүтүмүнүн негизинде чыгарууга мүмкүн, бирок ошол эле мыйзамдын экинчи беренесинде “эгерде, ал адамдын мурда жасаган кылмыш иши, айыпталган иши жеңил болсо деп жазылган. Эгерде ал оор кылмыш иш жасаган кылмышкер адам болсо чыгарбаш керек деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле, ал беренеде ал адамдын өздүгүнө караш керек, деп жазылып турат. Ал эми, мыйзамдагы ууру аталган, өтө коркунучтуу кылмышкер Азиз Батукаев Жогорку Кеңештин депутаты, комитеттин жетекчиси Тынычбек Акматбаевди, депутаттын жардамчысын, түрмөнүн башчысын, дагы башка адамды атып өлтүрткөн кылмышкер адам. Ошондой эле ал түрмөдөгү кыргыздын жигиттеринин кулак, мурдун кестирип, кордогон кылмышкер катары коомчулукка белгилүү. Биздин жогорку кызмат жетекчилери биригип алышып, ошондой кылмышкерди, үч күндүн ичинде өлүп калат деп, элдин көзүн бойомолошуп килем салышып өлкөдөн чыгарып жиберишкендиги аябай уяттуу көрүнүш болгон. Андыктан Башкы прокуратураны Батукаевдин иши боюнча такыр актоого мүмкүн эмес. Бул жерде Башкы прокуратура кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамды одоно бузганы көрүнүп турат. Ал эми ошол кездеги президент Алмаз Атамбаевдин да актанганы туура эмес деп айтат элем. Анткени бул жолу да экс-президент анткорлонуп, өлүмүш болуп жатат.

— Өлкөнүн башчысы катары Атамбаев өзү айтпаса, башкы прокурор өз алдындагыларга буйрук кылбаса төмөн жактагылар паспортун даярдап, бир күндө баарын бүтүрө салышы, бул абсурд нерсе.

— Мени Алмаз Атамбаевдин айткан сөздөрү ынандыра албады. Ал элди каратып туруп калп нерселерди чындай кылып айтканга аракет жасагандай туюлду.

— Бакыт мырза, акыркы кезде бир калыпка түшүп бараткан республикабыздагы саясый стабилдүүлүктү Алмаз Атамбаевдин “Форумдагы” митингде сүйлөгөн сөзү бузгандай болду. Мурдагы өлкө башчысынын мындай кадамын көбү Атамбаевдин көздөгөнү эмне, деп анчейин түшүнбөй жатышат. Дүйнө жүзүндөгү эң абройлуу ШОСтун жыйыны өтөөрдө кыргыз элине кылган кыянатчылыгы, караөзгөйлүгү деп түшүнсө болобу?

— Президенттин катыштыгы жок эч ким Батукаевди өлкөдөн чыгарууга батынмак эмес. Президент Атамбаев “жок, болбойт” деп айтканда же ошол кездеги баш прокурор Салянова бул ишти “мыйзамдуу” деп айтпаганда, Батукаев тууралуу кылмыштуу иш эч качан аткарылмак эмес. Себеби, алардын айткандарын аткарган адамдардын башы экөө эмес да. Эгерде Башкы прокурор Азиз Батукаевди эркиндикке чыгаруу мыйзамсыз деп айтканда, анын айтканына бир дагы прокурор каршы сөз айта алмак эмес. Ошондой эле Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасы каршы болуп, “Токтоткула!” дегенде ким батынып Батукаевди түрмөдөн алып чыгып кете алмак? Демек, бул иштин башында президент Алмаз Атамбаевге түз баш ийген Улуттук коопсуздук кызматы менен Башкы прокуратура турган. Бул, эки кызматка каршы ким пикирин айталмак? Эч ким айта алмак эмес.

— Атамбаевдин жеке менчик телекомпаниясы болгон “Апрель” Салянованын кызынын кичинекей экенин айтышып, апасынын ыйлап тартипти сактап турган милиция кызматкерлерин каргап-шилеп жатканын көрсөтүп жатышты.

— Мыйзам алдында бардыгы бирдей болушу керек. Эмне үчүн, Аида Салянова ээлеген кызматынан кыянатчылык кылып жатса, ал мыйзам алдында жооп бербеши керек. Азыр тергөө иштери эми гана башталып жатат. Тергөө жүргөн кезде ким тергөөгө тоскоолдук кыла турган же тергөөдөн кача турган болсо анын баш коргоо чарасы мыйзамдын чегинде камакка алуу болушу керек.

— Салянова качып кетмек эмес, суракка барып жооп берип турмак деп айтып жатышты.

— Андай эмес, Салянова же Атаханов качып кете турган болсо анда тергөө иши бузулат. Анда Батукаев маселеси аягына чыкпайт. Анткени, экөө тең президент менен түз байланышта иштеген жетекчилер болгон.

— Алмазбек Атамбаев “Форумда” сүйлөгөн сөзүндө “Батукаевдин ишинде Аида Салянованын эч кандай күнөөсү жок!” — ​деп ачык айтты. Чын эле ошондойбу?

— Атамбаев өткөргөн митингге коррупциялык иштерге аралашып же коррупциялык иштерге шектелип учурда абакта отурган мурдагы жетекчилердин жакын туугандары менен Атамбаевдин Арашандан алып түшкөн айылдаштары келишкендиги коомчулукта айтылууда. Атамбаев азыр Аида Салянованы колдобой койсо, Салянова мурдагы өлкө башчысы Алмаз Атамбаевге каршы көрсөтмө берип коюшу да мүмкүн. Атамбаев Салянованын тагдырын ойлобой, жанталашып өзүнүн кызыкчылыгын гана ойлоп жатат.

— Бакыт мырза, сенин бул сөзүң менен Батукаевдин бул кылмыш ишинин бети ачылса Алмаз Атамбаев өзү түрмөгө отуруп калат дегенди түшүнсө болобу?

— Абдан туура. Атамбаев да келесоо эмес, ал сөзсүз камала турганын жүрөгү менен сезип, көзү жетип калды. Анткени, Батукаевдин тергөө иши экс-президентке өтө жакындап калды. Азиз Батукаевге тиешелүү бардык мурдагы мамлекеттик жетекчи адамдар сурак берип жатышат. Батукаевге байланышкан кылмыш иши жыйынтыктала турган болсо, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камалышы менен бүтүшү керек! Анткени, ошол кезде мамлекеттин башчысы Атамбаев болгон, анын уруксаты жок Батукаев эч качан түрмөдөн чыга албайт болчу.

— Кыргызстандын жөнөкөй жаранынын деле эч качан мындай тездик менен Батукаевдей бир күндө паспорт алуу мүмкүнчүлүгү жок эле.

— Эми, карап көрсөңүз Азиз Батукаевди бошотуу үчүн кыргыз бийлиги өтө чоң стратегиялык план менен иш жүргүзгөн. Батукаевди чыгаруу үчүн паспорт жасалышы керек болчу. Бул максатта адегенде өкмөт “Түрмөдө отурган адамдарды паспорт менен камсыз кылуу” боюнча атайын токтом кабыл алган. Анын негизинде Батукаевге паспорт берилип, түрмөдөн чыгары менен бул токтом дароо жок кылынган. Бул өтө жийиркеничтүү, кылмыштуу афёра болгон.

Бул эгемендүүлүктүн тарыхында мурда болуп көрбөгөн коррупциялык жана кылмыштуу иш. Андыктан азыркы президент Жээнбеков Батукаевге байланышкан кылмыштуу топтун ишин ачыкка чыгарууга милдеттүү. Эгер Сооронбай Жээнбеков Батукаевдин ишин аягына чыгарбаса, анда өзүнө сокку урулат. Учурда коомчулук президент Жээнбековдун баштаган ишин колдоп жатышат.

— Болуптур, Салянова болгонун болгондой кылып, Атамбаевдин Азиз Батукаевди түрмөдөн чыгаруу боюнча буйрук бергенин ачыкка айтты дейли. Президент Жээнбеков ошол иштин негизинде Атамбаевди камай алабы? Эгерде экс-президент Атамбаевди камаса эмне болот?

— Мындай да, Батукаев тууралуу кылмыш ишине акыркы чекит Атамбаевдин камалышы менен аякташы керек дебедимби. Элдин каалоосу да ошондой. Андыктан эгерде бул маселе боюнча Жээнбеков чечкиндүү кадамга бара албаса, анда президент Сооронбай Жээнбековдун коомчулуктун алдындагы рейтинги түшөт. Ага эл ишенбей калат. Муну ал өзү деле билип турат. Мыйзамдуу жана логикалык жактан алганда да ушундай чечим болушу керек.

Булак: "Жаңы Ордо"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83