www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин төрагасы: "Анда кана ал чындык?! Эмне үчүн анда айткан жоксуз Алмазбек Шаршенович?!"

Кызгалдак Жакыпова 15-июнь 2019, 12:35

Саясат Маек


Дастан Жумабеков, Жогорку Кеңештин төрагасы: "Анда кана ал чындык?! Эмне үчүн анда айткан жоксуз Алмазбек Шаршенович?!"

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 8-июнь күнү өзүнө таандык болгон “Форумдун” алдында митинг өткөрүп, парламент депутаттарын дагы бир жолу “чимкирик” деп атады. Мурунку президент азыр “чимкирик” деп атап жаткандарды өзү көз салып, парламент босогосун аттатканын эске алганда, “чимкириктердин” атасы өзү болуп калат да. “Чимкириктер” бул жолу катуу чычалап, мурунку атасына катуу жооп кылышты. Ким эмне деп сүйлөгөнү тууралуу кыскача берип турабыз.

— Сегизинде экс-президент Атамбаев дагы айтып чыкты, мен мамлекетти минтип коёмун, депутаттар мындай, төрага баш болуп бүжүңдөп Матраимовдун тоюна барат деп. Алмазбек Шаршенович, ал той быйыл эле өткөн жок. Ал тойго быйыл эле төрага же депутаттардын тобу барып калган жок. Сиз архивге айланып карап коюңуз. Сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, советнигиңиз ошол тойдо жүргөн. Сиздин убагыңызда премьер-министр ошол тойдо жүргөн. Ошол убакта сизге жакын депутаттар ошол тойдо жүргөн.

Алар да ошол элди сыйлап, элге кызмат кылган үй-бүлөнү сыйлап, ошол тойдо жакшы сөздөрүн айтты. Бүгүн биз барып койсок “чимкирик депутаттар”, “бөжөңдөп төрага жүрөт” дейт. Ошол Кара-Суу элинин артынан, Матраимовдордун артынан сиз партияңыз үчүн 40 миң, 50 миң деген добуш албадыңызбы! 100 миң деген добуш албадыңызбы убагында партияңызга! Өзүңүздүн президенттик шайлоого добуш албадыңызбы! Анда кана ал чындык?! Эмне үчүн анда айткан жоксуз Алмазбек Шаршенович?!

Булак: "Жаңы Ордо"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83