www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Исаев: "АША мультимиллионер болсо эмнеге 2011-жылы президенттик шайлоого 500 миң доллар алды"

Кызгалдак Жакыпова 15-июнь 2019, 12:41

Саясат Маек


Исаев: "АША мультимиллионер болсо эмнеге 2011-жылы президенттик шайлоого 500 миң доллар алды"

Экс-президент Алмазбек Атамбаев 8-июнь күнү өзүнө таандык болгон “Форумдун” алдында митинг өткөрүп, парламент депутаттарын дагы бир жолу “чимкирик” деп атады. Мурунку президент азыр “чимкирик” деп атап жаткандарды өзү көз салып, парламент босогосун аттатканын эске алганда, “чимкириктердин” атасы өзү болуп калат да. “Чимкириктер” бул жолу катуу чычалап, мурунку атасына катуу жооп кылышты. Ким эмне деп сүйлөгөнү тууралуу кыскача берип турабыз.

— …“Мультимиллионер болчумун” дейт эки сөзүнүн биринде эле. Мультимиллионер болсо 2010-жылы биздин кесиптешибизден 700–800 миң сом карызга алып, эмнеге шайлоого катышат? 2011-жылы башка кесиптешибизден президенттик шайлоого 500 миң доллар алды деп жалпы элибизге маалымат тарады. Кийин кайтып бергенин өзү да, кесиптешибиз да айтып жүрөт. Чын эле мультимиллионер болсо, башкалардан карыз алып эмне кажети бар? Бул эки мисалдан тышкары дагы 10 чакты ири кыргыздын ишкерлери бүгүнкү күндө айла жоктуктан, бизди мажбурлагандан каржылаганбыз деп маалымат бергенге даяр…

Булак: "Жаңы Ордо"


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83