www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Душанбеде адамды жүзүнөн тааный ала турган видеокамералар орнотулат

Кызгалдак Жакыпова 17-июнь 2019, 15:39

Коом Борбордук Азия жаңылыктары


Душанбеде адамды жүзүнөн тааный ала турган видеокамералар орнотулат

Душанбеде адамдарды жүзүнөн тааный ала турган видеокөзөмөл камералары орнотулат. Бул тууралуу өлкөдөгү «Шахри бехатар» («Коопсуз шаар») борборунун жетекчи орун басары Фуркат Шоимардонов билдирди.

Анын айтымында, жаңы видеокөзөмөл камералары Душанбедеги эл аралык аэропортко, темир жол бекетине, ири соода борборлоруна, базарларга, сейил бактарына жана адамдар көп топтолгон башка жерлерге орнотулат.

«Жаңы камералар санаалуу секунддарда эле ири көлөмдөгү маалыматтарды топтоп, анализдей алат. Система санарип сүрөттөрдү сканерлеп, аларды башка адамдардын сүрөттөрү менен салыштырат. Эгер камера адамдын сырткы көрүнүшү издөөдөгү адамга 25 пайызга окшош экенин аныктаса, анда тиешелүү маалымат биздин борборго келип түшөт», — деди Шоимардонов.

«Коопсуз шаар» борборунан билдиришкендей, адамдарды жүзүнөн таануу камералары өлкөнүн башка ири шаарларына дагы орнотулат. Долбоорду Кытайдын «Huawei» компаниясы ишке ашырат.

Душанбеде «Коопсуз шаар» системасы 2013-жылы киргизилип, анын алкагында борбордун негизги көчөлөрүнө жана 75 көчөнүн кесилишине 855 видеокамера орнотулган. Буга жалпысынан 22 миллион доллар каражат жумшалып, анын 20,9 миллион долларын Кытай ШКУнун алкагында насыя катары берген. Калган 1,1 миллион долларды тажик тарап өзү чыгарган.

Өткөн жылы «Коопсуз шаар» долбоору 2 миллионго жакын эреже бузууну каттап, төлөнгөн айыппул көлөмү 132 миллион сомониден (14 миллион долларга жакын) ашкан.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83