www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев шайлоого Түлеевден 500 миң доллар алганбы?

Нурайым Рысмамбетова 18-июнь 2019, 13:22

Саясат


Атамбаев шайлоого Түлеевден 500 миң доллар алганбы?

Кыргызстандын экс-президенти Алмазбек Атамбаев шайлоо кампаниясына Нариман Түлеевден 500 миң доллар алган. Бул тууралуу Түлеевдин кызы бүгүн Атамбаевдин кол тийбестигин караган депутаттык комиссиянын жыйынында билдирди.

Назгүл Түлеева атасынын кайрылуусун депутаттарга окуп берди.“Канатбек Исаев бир нече жолу Атамбаев мультимиллионер болур кеткендигин айтты. Исаевдин сөздөрүн мен дагы тастыктайм. Атамбаев менден шайлоого карызга 500 миң доллар алган. Ал президент болуп келгенден кийин, акчамды кайтарып берүүнү сурагандан кийин, ал мага болгон мамилесин өзгөрттү. Мен Атамбаевге бир нече жолу жардам берип келгем. Анын 2010-жылга чейин байлыгы жок болчу. Атамбаев мени саясатчы, ишкер катары жок кылгысы келген”,- деп билдирген Түлеев.

“Биздин мүлкүбүздү Атамбаев мыйзамсыз конфискация кылган. Бизде Атамбаев башында турган туруктуу кылмыштуу топ болгон”, - деп айтты Н.Түлеева.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83