www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аида Саляновага карата лицензия боюнча козголгон кылмыш иши кайра каралат

Айдар Нуралиев 20-июнь 2019, 09:51

Саясат Кылмыш жана кырсык


Аида Саляновага карата лицензия боюнча козголгон кылмыш иши кайра каралат

Мурдагы Башкы прокурор жана Юстиция министри, экс-депутат  Аида Саляновага карата лицензия боюнча козголгон кылмыш иши бүгүн, 20-июнда  кайра каралат. Жакындарынын маалыматында, иш быйыл жаңы кирген кодекстердин негизинде каралмай болду.

Жергиликтүү укук коргоочулар Аида Саляновага байланышкан Жогорку Сотто карала турган ишке көңүл бурууга чакырышты.

Эске салсак, Салянова юстиция министринин милдетин аткарып турган мезгилде "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес» деген негизде айыпталган.

Бул боюнча 2017-жылы Ленин райондук соту, аны беш жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарып, аны 3 жаштагы кызы он төрт жашка чыкканда өтөмөк. Ушундан улам депутаттык мандатынан да ажыраган. Учурда, А. Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча камакка алынып, бирок, ден соолугуна байланыштуу  ооруканага которулган.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83