www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кара-Балтада эне-бала өз үйүндө бычакталды

Айдар Нуралиев 20-июнь 2019, 10:19

Кылмыш жана кырсык


Кара-Балтада эне-бала өз үйүндө бычакталды

Кара-Балтанын четиндеги үйгө беткапчан белгисиз адамдар кирип, энеси менен баласын бычактап кетишкен. Бул тууралуу Чүй ИИБнин басма сөз кызмты билдирген.

Белгилүү болгондой, кол салуу тууралуу маалымат 19-июнда кечки саат 17:56дар болгон Жайыл райондук ИИБдин нөөмөт бөлүмүнө түшкөн. Анда кабарлаган келин, анын күйөөсүн жана кайын энесин беткапчандар бычактап кеткенин айткан. Экөө тең дароо жан берген.

“Окуя болгон жерге опер тобу барганда, 50-55 жаштар чамасындагы алдын жана 25-30 жаштар чамасындагы эркектин жансыз денеси табылган. Бул окуя каттоо реестерине “киши өлтүрү” беренеси катары катталган.

Каза болгондор 53 жаштагы Кара-Балтанын жашоочусу М.С. жана анын 31 жаштагы баласы М.А. болуп чыкты. Экспертиза дайындалды. Сотко чейинки өндүрүш уланууда”, - деп билдирди ШИИБ.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83