www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат: “Азиз Батукаевдин ишинде Раиса Атамбаеванын аты аталса таң калбайм”

Айдар Нуралиев 20-июнь 2019, 15:35

Саясат


Депутат: “Азиз Батукаевдин ишинде Раиса Атамбаеванын аты аталса таң калбайм”

Депутат Аида Исмаилова, экс-президенттин жубайы Раиса Атамбаеванын аты кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча калпып чыгышы мүмкүн экендигин айтты.

Эл өкүлү айткандай, ага Раиса Атамбаеванын “кыйратпаган” курбуларынын кылыгы  менен бир нече жолу кездешүүгө туура келген. “Кудайбергенова, Султангазиева, Сагынбаева жогорку кызматтарды ээлеп алышып, иштебей эле көчө таптап кутуруп басып жүрүшкөн. Эгер, Раиса Атамбаеванын аты Азиз Батукаевдин ишинде калпып чыкса деле таң калбайм”, - деп айтты Аида Исмаилова.

Ага Фарид Ниязов чалып коркутканын айтты. “Депутаттардын коркоктугун айтып күнөөлөйсүздөр, бирок, бул жакта эмне болуп жатканын билбейсиңер. 2018-жылдын 13-апрелинде Фарид Ниязов мага чалып, комитетке аныктаманы алып барбашымды, болбосо, экспертте көйгөй жараларын айтты. Анан чын эле ал экспертте көйгөй жаралды”, - деп кошумчалады Аида Исмаилова.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83