www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Албек Ибраимов: “СИЗОдо “өтө маанилүү адамга” орун даярдап жатышкан го”

Айдар Нуралиев 21-июнь 2019, 14:19

Кылмыш жана кырсык Саясат


Албек Ибраимов: “СИЗОдо “өтө маанилүү адамга” орун даярдап жатышкан го”

Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимовго байланышкан соттук процесс уланууда.

 Соттун жүрүшүндө, СИЗО толуп калгандыгы белгилүү болду. Сотко Коррупцияга каршы кызматынын директору Сагынбек Исмаиловдон, соттолуучуларды  шаардык тергөө изоляторуна которуу тууралуу кат келип түшкөн.

Сот соттолуучулардын оюн сураганда, Кубанычбек Кулматов жактоочуну жактарын айтты.

Албек Ибраимовдун айтымында, ага кайсы жакка отурса да, айырмасы жок.

“Азыр мага кайда отуруунун айырмасы жок. Кечээки окуядан кийин, “абдан маанилүү адамга” орун даярдап жатышса керек да”,- деп айтты ал. Бирок, так, кимди айтканын ачыктабаса да, залдагылар Атамбаевди айтып жатканын түшүндү.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83