www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбеков финансы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды

Айдар Нуралиев 22-июнь 2019, 09:42

Саясат


Сооронбай Жээнбеков финансы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-июнда, өлкөнүн финансы министри Бактыгүл Жеенбаеваны кабыл алды. Салык кирешелери, республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн аткаруу, өлкөнүн бюджеттик ресурстарынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана сот-укуктук реформаны финансылык жактан камсыздоо маселелери каралды. Министр Бактыгүл Жеенбаева мамлекеттик финансыларды башкаруу жаатында учурдагы абал тууралуу маалымат берди. Ал белгилегендей, корголгон беренелер боюнча артта калуулар жок. Сот-укуктук реформаны ишке ашыруу жана өлкөнү санариптештирүү боюнча долбоорлор өз убагында каржыланууда. Республиканын ар бир райондук борборунда 3 чакырым жолду куруп, оңдоп-түзөөгө каражаттар бөлүндү. Мындан тышкары министр 2019-жыл ичинде орто мектептердин мугалимдерине айлык акысын жогорулатуу пландалып жатканын маалымдады. Ошол эле убакта ал республикалык бюджетке салыктык жана бажылык жыйымдары боюнча артта калуу байкалып жатканын белгиледи. Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик финансыларды натыйжалуу, жоопкерчиликтүү жана ачык-айкын башкаруу өлкөнүн экономикасынын туруктуу өсүшүн камсыздоо үчүн негиздердин бири болушу керектигин баса белгиледи. Мамлекет башчысы Мамлекеттик ипотекалык компанияга калкка ипотекалык насыяларды берүүнү жандантуу үчүн акча каражаттарын тез арада бөлүп берүү зарылдыгына көңүл бурду. Ал ошондой эле бюджетке жыйымдарды тапшыруу боюнча планды аткарбаган мамлекеттик органдарга карата биринчи жарым жылдыктын жыйынтыктары боюнча тиешелүү чара көрүү керектигин баса белгиледи.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83