www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гүлнара Каримова өзбекстандыктардан кечирим сурап, 1,2 миллиард доллар кайрып берди

Айдар Нуралиев 24-июнь 2019, 09:15

Борбордук Азия жаңылыктары


Гүлнара Каримова өзбекстандыктардан кечирим сурап, 1,2 миллиард доллар кайрып берди

Гүлнара Каримованын кызы жана Өзбекстандын биринчи президентинин небереси Иман Каримова өзүнүн Инстаграмм баракчасына апасынын кайрылуусун жарыялады. Анда Гүлнара Каримова өзбекстандыктардан кечирим сурап, Өзбекстанга 1,2 миллиард доллар кайрып бергенин айткан.

“Бул менин акыркы 6 жылдагы алгачкы кайрылуум. Менин азыркы абалыма кайдыгер карабай “дуа” кылып жана сарсанаа болуп жаткандардын бардыгына рахматымды айтам. Мен элдин алдында эгер кимдир бирөөнү түңүлтүп алсам, менин көйгөйүмдү сыйлаган жана сыйлап келгендерден кечирим сурайм.

Прокуратура, мен тарабынан мамлекеттен чыгып кеткен байлыктын эсебин тактай албай жатканын айтканына карабай, протокол үчүн айтып коёюн, Өзбекстандын ичиндеги менин жеке активдерим азыр меники эмес, ал республиканын бюджети үчүн иштеп, жергиликтүү бир канча тергөөнүн жыйынтыгында, 1,2 миллиард доллар киреше кирген”, - деп айтылат Гүлнара Каримованын кайрылуусунда.

Андан тышкары, Гүлнара Каримова Өзбекстандын укук коргоо органдары менен иштешип жаткандыгын билдирген.

Булак:NazarNews.kg

 

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83