www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нургазы Мусаев: “Раимди Раим Миллион кылган - ар бирибиз...”

Айдар Нуралиев 24-июнь 2019, 11:53

Саясат


Нургазы Мусаев: “Раимди Раим Миллион кылган - ар бирибиз...”

Фейсбуктагы Нургазы Мусаев аттуу катталуучу өзүнүн баракчасында  “Раимди Раим Миллион кылган - ар бирибиз...” аталышындагы чакан макаласын жарыялады.

“Раимди Раим Миллион кылган - ар бирибиз...”

Илгери өзбектердин “Махаллада дуу-дуу гап” деген телеберүүсү болуп, бүйүр кызыткан окуялар шакаба, юмор менен расса кызык берилер эле. Биздин махаллада акыркы аптада Раим миллион деген дуу-дуу гап бар. Билгени деле, билбегени деле, көргөнү деле, көрбөгөнү деле ушу дуу-дуу гапка аралашып атат. Кожогелди Култегиндин бир жазганы бар эле: ар нерсеге кызыгып, сурай берип, кулак өзү суроо белгисине окшошуп калган деген мааниде. Азыр миллион кыргыздын кулагы суроо белгисине окшоп Раим миллиондон эмне гап чыгат деп делдейип турган учуру. Ошол делдейген миллион кулактын ичинде менин чунагыраак кулагым да бар. Ал ортодо америкалык салык төлөөчүнүн эсебинен жашаган “Азаттык” радиосунун кабарчысы Али Токтакунов үкам Раим миллионду кылымда бир келчү кылмышкердей кылып эл алдына алып чыкты. Журналистиканын эл аралык стандарттарына ылайык, маалыматтарды берүүдө жок дегенде эки тараптуулук болуш керек эле. Жок, андай бовоптур.

Менин чолок акылымда, Раимди биздин коомдон бөлүп кароого деги эле мүмкүн эмес. Ал – биздин коомдун, биздин учурдун, биздин замандын туундусу. Ал өзүнөн өзү эле Раим Миллион болуп жаралып калган жок. Анын Миллион болушунда ар бирибиздин үлүшүбүз бар. Кулагыңыз делдейе түштүбү? Анда жооп бергенге аракет кылайын. Белгилүү болгондой, бейиши болгур СССР жан таслим болгондон кийин “Кыргызстан – наш общий домубуз” дүйнөгө эшигин кенен ачты. Кытайдын жылтыраган самопал “Адидас”, “Монтаналары”, чаар баштыктары менен кошо Кыргызстанга кылым кытайдын улуу базары кирди.

Социалисттик Кытайдын ар бир көчөсүндө устакана, цех, заводдор кыжылдап иштеп, мурдагы СССР аймагын уйгурдун устаканасынан чыккан товарлар каптады. “Дордой”, “Кара-Суу” базарлары пайда болду. Миллиондогон долларлар айланып, Россия, Казахстан, Өзбекстан, Тажикстандан жүздөгөн автобустарда миңдеген челнокчулар келип жатты. Ал ортодо кыргыз прихватташтыруудан тийген коюн союп жеп жумушсуз калды. Ички миграция, тышкы миграция стихиялуу, баш аламан жүрүп жатты. Миңдеген кыргыз базарга чыкты. “Кыргыздын базарга чыкканы - революция”, - деп Салижан ака жазды. Билгенге, түшүнгөнгө Кытай реэкспорту Кыргыз экономикасын сактап калды. Бирок, миллиондор агылып жаткан каналга отуруп албаса биздин мамлекеттик чиновниктер чиновник болбой калбайбы. Бажы деген майлуу-сүттүү канал Кыргызстандын бардык Президенттеринин жеке көзөмөлүндө болуп келди. Азыр да ошондой. Мындан ары да ошондой боло бермекчи. Дайыма биринчи (тилекке каршы, көбүнесе жаман жагынан биринчи) болуп келген Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин ичинен биринчилерден болуп ВТОго мүчө болгон. Дал ошол ВТОнун шарапаты менен бизге товарлар арзан кирип турду. Албетте, кыргыздар андан да арзанын издешти. Өз доорунун генийи, Таласты Бишкектен туруп башкарган легендарлуу губернатор Ташкул Керексизовдун кереги ошондо тийди. Расмий бажы схемасынын ичинде дагы бир схема чийилип чыгып, ал схема Канайымдын капризине, шайлоолорго иштеди. Андан кийин ал схеманын башында Кошелок отурду. Атамбаев доорунда болсо, хандын кан досу, учурда камакта отурган Кубаныч Кулматов ал схеманы кармап турду. Албетте, Ажо Атамбаевдин жеке көзөмөлү алдында. Раим миллион ошол схеманын аткаруучусу болушу мүмкүн. Анын келечек териштирүүлөр көргөзөр. Либерал рыноктун “Талап болсо сунуш болот” деген өзгөргүс заң-мыйзамы бар. Талап болгон үчүн Раимдин схемасы иштеди да. Талап кылуучулар, колдонуучулар соодагерлер, жалпы сатып алуучулар, ошонун ичинде сиз да, мен да болуп жатпаймынбы. Кытайдын арзан товарларын алып сатуу менен миңдеген мекендештерибиз тирилик кылып жатат да. Ал товарлардын арзан киришинде Ташкул аке түзүп кеткен, кийинкилер үзүрлүү уланткан схема иштеп жатпайбы. ЕАЭБ талап кылгандай, Кытай экспорту менен Кыргызстандын Кытайдан импорту дал келсе, ошол эле Кытайдын товарларынын баасы өсүп, бечара кыргыз алып сата албай, өзү сатып ала албай калып жатпайбы. Эгер кытай товарларынын бардыгы бажыдан мыйзамдагыдай тазаланып кирсе, баасы өсүп, сатылбай, кыргыз экономикасы оңкосунан сайылбайбы! Биздин экономика, биздин эл азыр Кытайдан башка рыноктун товарларын сатып албай койо алабы? Мисалы, бардыгыбыз Туркиянын тирлик буюмдарын колдонуп, түрк кийимдерин кийгенге даярбызбы? Соодагерчиликтин өз мыйзамдары бар. Ар бир соодагер арзан алып, кымбат сатканга кызыкдар. Ошондо Раим миллиондун кардарлары соодагерлер, соодагерлерден соода кылган ар бирибиз болуп жатпайбызбы. Кытайдын арзан товарын колдонуп жүргөн ар бир жаран кыйыр түрдө Раим миллиондун кардарыбыз десек болор. Саясат – башка, турмуш – башка. Чоң трибуналарда, мамлекет аралык иш-чараларда Кытай реэкспорту тууралуу көп айтылат. ЕАЭБ га кирген бардык мамлекеттерде экспорт, импорт проблемасы бар. Россия, Казахстандын Бажы тармагы да эбегейсиз коррупциянын очогу экени жашыруун эмес. Аны угуп-көрүп деле жүрөбүз. Ал эми Кыргызстан-Кытай чек арасындагы бажы маселелери биздин өлкө ичинде да, өнөктөш мамлекеттердин ичинде да саясий оюнга, куралга айланды. Мисалы, Атамбаев Нуракеге акаарат келтирчүдө, Казахстан чек араны жаап, аны Кытай-Кыргызстан Бажысындагы маселе менен түшүндүрүшпөдүбү. Кыргыздар гана эмес, казактын өзүнүн да чимкириги акты го товарлар кымбаттап. Президент Жээнбеков Нуракеге баргандан кийин маселе шыр чечилди. Деги эле маселе болбогондой чечилди.

Ошентип Раимдин Раим Миллион болушунда ар бирибиздин үлүшүбүз бар. Мен Кытайдан товарларды бажы төлөмдөрүн 100% таптаза төлөп алып кирип жатам деген соодагер бул жашоодо бар экенине ишенбейм. “Ташкул аке түзгөн схема эбак иштебей калган. Бажы системасы коррупциядан таптаза” дешке өтө эрте. Бажыда коррупция болбосун дейбиз. Бирок балдарыбызды олчойгон контракт төлөп, Бажы тармагына окутабыз. Кийин тез эле чыгым жабылат деп. Бажыда коррупция болбосун дейбиз. Бирок бирибиз да сатып алып жаткан товарыбыздын бажы төлөмү төлөнгөнүнө-төлөнбөгөнүнө кызыкпайбыз. Бажыда коррупция болбосун дейбиз. Бирок өлүп-тирилип, пара берип, бажыга бажаларыбызды, балачака, туугандарыбызды киргизгенге аракет кылабыз. Бажыда коррупция болбосун дейбиз. Бирок Ак Үйүндөгү деле, Көк үйүндөгү деле интрига, кутум, ызычуунун көбү Бажы Башчылыкты талашуудан чыгат. Раим Миллионду Миллион кылган арашандык гитарчы, мультимиллионерге да миллиондогон суроолуу кулактар делдейип карап турган чагы. Анткени Эдичка эбак таап чыккан Атамбаевдин уйгур досторун Али үкам техниканын күчү менен Раимге байлаптыр. Банк купуялуулугу делген маалымыттар журналисттин колунда кайдан жүрөт?..

Кулагымды делдейткен суроолорго жооп жок. Балким Раимдердин башка бизнестери бардыр. Маселе алардын өз бизнеси тууралуу ачык маалыматтарды бербегенинде болуп жатат. “Дордой”, “Кара-Суу” акырындап жабылып бара жаткансыйт. Ал базарлардын кире беришине Ташкул аке, Кошелек, Кубаныч Кулматов, Раим Миллиондордун эстеликтерин тургузуп койсок да куп жарашат. Бир кездерде наримандар, мамандар, алтын балдар Кытайга киргизип жиберген жезди кайра кымбат сатып алып, ошол жезден тургузуу керек ал эстеликтерди... Жакшыбы, жаманбы... биздин тарых...

Нургазы Мусаев

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83