www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбеков: Өнөр жай тармагындагы мамлекеттик саясатты өзгөртүү зарыл

Нурайым Рысмамбетова 24-июнь 2019, 14:40

Саясат


Сооронбай Жээнбеков: Өнөр жай тармагындагы мамлекеттик саясатты өзгөртүү зарыл

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-июнда, Өнөр жай жана ишкердикти өнүктүрүү комитетинин Бишкекте өткөн биринчи жыйынында өкмөттү алтын казууга көз карандылыктын алдын алууга чакырды:

"Демек, өнөр жайынын дээрлик жарымына барабар болгон көлөмдүн ордун башка өндүрүштөр менен толуктоо маселеси турат. Өнөр жай өндүрүшүнүн азайышына байланышкан кооптуу жагдайларды азайтыш үчүн өнөр жай тармагындагы мамлекеттик саясатты өзгөртүү зарыл. Бүгүнкү күндө өнөр жайынын абалы алтынды өндүрүүгө жана экспорттоого көз каранды болуп калды. Алтын казуудагы өзгөрүүлөр, мисалы, алтынга болгон баа, өндүрүү технологиялары, саясий процесстер, табигый катаклизмдер биздин өнөр жайыбызды дароо артка тартат," -деди президент.

Эскерте кетсек, Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин алдындагы Өнөр жайын жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитет түзүү жөнүндө жарлыкка президент былтыр декабрда кол койгон. Ал эми, комитетке мамлекет башчы өзү төрагалык кылат.

Анын алгачкы жыйынында өнөр жайынын азыркы абалы, анын ичинде кайра иштетүү жана жеңил өнөр жай тармагынын көйгөйлүү маселелери жана аны өнүктүрүү маселелери талкууланды. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83