www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аида Салянова пневмонияга чалдыгып, аны СИЗО 1ге которууга болбойт

Айдар Нуралиев 24-июнь 2019, 14:29

Саясат Кылмыш жана кырсык


Аида Салянова пневмонияга чалдыгып, аны СИЗО 1ге которууга болбойт

Экс-Башкы прокурор Аида Салянова эки тараптуу пневмония менен жабыркаган. Дарыгерлер аны №1 СИЗОго которууга тыюу салышууда. А.Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча камакка алынган. Бул тууралуу анын эжеси Чынара Турдалиева билдирген.

Медиктердин сөзүн келтирүү менен ал, Аида Салянова палатага жаткырылганын айткан. Аны маал-маалы менен өпкөсүн жасалма аппаратка туташтырышууда.

“Дарыгерлер анын жүрөгү кармоо алдында турган абалын аныкташты жана клиникада калтырууну айтышууда”,- деп айтуу менен Аида Салянованын учурдагы абалы турукташа элегин белгиледи.

Эске салсак, Бишкек шаардык соту Аида Салянованы 26-августка чейин камакта калтырган.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83