www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 2020-жылы 70 миңден ашык адам каза болуп калышы мүмкүн

Айдар Нуралиев 24-июнь 2019, 15:25

Ден-соолук


Кыргызстанда 2020-жылы 70 миңден ашык адам каза болуп калышы мүмкүн

Кыргызстанда 2020-жылы 70 миңден ашык адам каза болуп калышы мүмкүн. Мындай  болжолдуу сан бүгүн, 24-июндагы “Өнөктөштүк байланыш” ассоциациясынын башчысы Айбар Султангазиев тарабынан басма – сөз жыйынында  айтылды.

Анын айтымында, Иш жүзүнө келгенде, кыргызстандыктардын бир катар жашоого керектүү негизги муктаждыктары каржыланбай келет. Мамлекет өзүнүн чыгашаларынын 11%ын гана  саламаттык сактоо тармагына бөлөт, эң жок дегенде 13% бөлүү керек эле.

"Жетишпестик 2 млрд сомдун тегерегин түзөт.  Кургак учукту, онкологиялык ооруларды, кант диабетин айыктырууга, органдарды алмаштырууга жалпы дарылоо үчүн дары-дармек менен камсыздалган эмес. Муну менен эле бейтаптардын саны жылдан – жылга өсүүдө",- деп айтты ал.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин  айтымында, кыргызстандыктардын көз жумушунун 70-75%ын жугуштуу эмес оорулар түзөт.

Султангазиев билдиргендей, каржыланбай калуу боюнча резолюция түзүлүп, өкмөт башчыга жөнөтүлгөнү турат.

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83