www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Швейцарияга “учуп” кеткен алтындарыбыз кайра артка кайтабы?

Перизат Кутманалиева 25-июнь 2019, 09:21

Аналитика


Швейцарияга “учуп” кеткен алтындарыбыз кайра артка кайтабы?

Алтынга чуулганып жаткан Кыргызстанда алтындын запасы жок. Кумтөрдө жаткан алтын дүйнөдө жетинчи орунду ээлеп 700 тоннадан ашык алтын бар деп баалашкан. Кумтөр менен келишимди балдардын келечегин ойлоп түзгөндө казынабызда алтындын запасы болмок, болжол менен азыркы тышкы карыздарыбыздан кутулуп калмакпыз. Кумтөр менен төрт-беш келишим түзүлгөн. Бары тең канадалык инвесторлор менен кыргыз бийлигинин кызыкчылыгын көздөгөн. Андан тышкары Макмал жана башка кендерибиз бар. 1991-жылы бул жакта да жоболоңдуу кызыктар болгон. Алтын концентраттарын Кара-Балтада аффинаждай турган тоо-кен заводу турса да, алтындарды учак менен Швейцарияга ташый баштаган. Эл эсептеп чыккан көрсө биздин мамлекеттик жана канадалыктардын жеке учагын колдонушуп Бишкектен - Цюрихке он жети алтын ташыган авиарейстер катталыптыр. Документтер боюнча  1 тонна 636 килограмм алтын концентраты Швейцарияга “учуп” кетиптир. Бирок 1 жарым тонна үчүн 17 учак учканы да кызык, эмне алар  ар бирине бирден киши түшүп алып бири-бирин коштоп барыштыбы? Ушул алтын жүктү Швейцарияга чейин коштоп жүргөндөр Швейцарияга өткөрүп бергендер Турсунбек Чыңгышов, Аскар Сарыгулов, Санжар Айтматов булардан качан алтыныбызды алып келесиңер деп сурай турган киши жокпу? Булар аларга өткөрүп бергенде салмактардын ортосунда чоң айырма болуптур, булар документтерге аз салмактагы алтынды аффинаждап жатабыз дешкени менен ортодо канчалган алтын капчыктарына түшкөн? Мына андан бери деле отуз жылдай чамалап баратат булардын ана башы Аскар Акаев деле алтынды кайрып келүү тууралуу ойлонуп жүргөндүр. Же Кыргызстанга алтындын кереги жокпу?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83