www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Чемпион” каймана аты бар депутатты комитеттин башчысынын орун басарлыгына сүйрөшүүдө

Айдар Нуралиев 25-июнь 2019, 14:17

Саясат


“Чемпион” каймана аты бар депутатты комитеттин башчысынын орун басарлыгына сүйрөшүүдө

“Чемпион” деген каймана аты бар ЖК депутаты Урмат Самаевди “Кыргызстан” фракциясы мыйзамдуулук жана тартип, кылмыштуулук менен  күрөшүү жана коррупцияга каршы комитетинин төрагасынын орун басарлыгына сунуштоодо.

Эске салсак, аталган комитетти “Ата-Мекен” фракциясынын депутаты Наталья Никитенко жетектеп, анын орун басары депутат Искендер Матраимов болуп келет.

Белгилей кетсек, Урмат Самаев Токмокто болгон чуудан кийин абдан белгилүү болгон. Ушул жылдын январында Токмокто атышуу болуп, анын катышуучусунун бири – депутаттын тууганы ооруканага жаткырылган. Ал ооруканага атышуунун экинчи катышуучусу да келип жаткан.

Ал, Урмат Саамаев окуя болгон жерге өзү келип, тергөөгө жолтоо болууга басым жасаганын айткан.

Андан мурун Токмок шаардык кеңешинин “Кыргызстан” фракциясынан депутаты Сулейман Лажаров – анын партиялашы Кубанычбек Кочкорбаев менен бирге келип, “мандатыңды тапшыр” - деп Урмат Саамаев коркутканын айтып даттанган..

Булак:NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83