www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Башкы прокурор: “Азиз Батукаев Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен бошотулган”

Айдар Нуралиев 26-июнь 2019, 15:37

Кылмыш жана кырсык Саясат


Башкы прокурор: “Азиз Батукаев Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен бошотулган”

Экс-президент 2013-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотууга тапшырма бергендигин Башкыпрокурор Өткүрбек Жамшитов 25-июндагы Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Башкы прокурор мындай билдирүүнү мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атахановдун тергөөдөгү көрсөтмөсүнүн негизинде айткан.

“Экс-президент Атамбаев Батукаев уюшкан кылмыштуу топтун жетекчиси, "мыйзамдагы ууру" деген каймана атка ээ экенине, коомчулукка жана мамлекетке өзгөчө коркунуч жаратарына карабастан аны камактан мыйзамсыз бошотууну чечкен. Бул багыттагы иш-чараларды уюштуруу жагы Атахановго (Шамил – ред.) тапшырылган. Кылмыштуу ишти аткарыш үчүн Атаханов укук коргоо, сот жана мамлекеттик органдардын жогорку мамлекеттик кызматкерлер менен алдын-ала сүйлөшүп алып Батукаевди бошотуу менен республиканын аймагынан чыгаруу жана бул багытта тийиштүү чараларды көрүү боюнча талаптарды коюп, бошотуу жеке Атамбаев менен макулдашылганын билдирген”, - деди Жамшитов.

Экс-президенттин юристи Нурбек Касымбеков, мындай чечим атайылап шашылыш чыгарылгандыгын белгилөөдө.

Булак:NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83