www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камола Мирзалиева: "Биз кымындай наристенин жүрөгүнө операция кылабыз"

Кызгалдак Жакыпова 28-июнь 2019, 09:31

Ден-соолук


Камола Мирзалиева: "Биз кымындай наристенин жүрөгүнө операция кылабыз"

Көп профилдүү «АКFА Medline» медициналык борбордун башкы директору, Камола Мирзалиева: "Биз кымындай наристенин жүрөгүнө операция кылабыз" деп, АЗИЯnews гезитине маек курду.

Өзбекстандык Камола Мирзалиева айым менен бизде жаңы ачылып аткан көп профилдүү медициналык борбордун ишмердүүлүгү тууралуу чакан маек курдук. Өзү тууралуу сурадым. Атайын медицина жаатта билими болбосо да мыкты менеджер, мыкты ишкер айым экенине ынандым.

-- Камола айым, Ташкент шаарында көп профилдүү «АКFА Medline» медициналык борборун ачуу идеясы кайдан жаралды? Деги эле Өзбекстанда жеке ишкерлик менен алектенгендерге кандай шарттар каралган?

-- Өзүңүздөр байкагандай, биздин медициналык борбор Өзбекстанда чоң холдингдин орчундуу бир бутагы болуп эсептелет. Эң ириде биз медицинаны кайсы деңгээлге чейин көтөрө алабыз? деген суроо туулганда президент Шавкат Миромонович Мирзиёевдин медицина тармагында реформасы жана ушу жаатта алектенген жеке ишкерлерге берилген көптөгөн жеңилдиктери «АКFА Medline» борборун ачууга түрткү берди. Тактап айтканда, чет жактан заманбап медицина жабдыктарын алып келүүдө бажы төлөмдөру алынып салынды, бекерге келди. Мындан сырткары, өзүбүздөгү мыкты кесипкөй адистерди чакырдык жана эл аралык деңгээлдеги доктурларды жумушка тарттык.

-- Баардык эле ойлогон ойлоруңар иш жүзүнө ашып атабы?

-- Баштапкы идеяларымдын 85 пайызы иш жүзүнө ашты. Эң орчундуусу катары эсептелген кардиохирургияны туура жолго койдук. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ВОЗ) жүргүзгөн сурамжылоодо элдин 63 пайызы жүрөк кан тамыр оорусу менен жабыркашат экен. Дүйнө жүзү боюнча жаңы көз жарган балдардын 2 пайызы жүрөк кемтиги менен төрөлөт. Мына биз ошо кымындай наристелерге ювелирдик операция жасаганды ийгиликтүү өздөштүрүп атабыз. Дүйнөлүк медицинада мындай көрүнүш чанда гана жерде боло турган көрүнүш. Ал эми калганын айтпай тек коёлу.

-- Айтсаңыз, сиз жетектеген "АКFА Medline" медициналык борбордун филиалын Кыргызсганда ачууга кандай себептер түрткү болду?

-- Байыртан биздин дарыгерлерди Азия чөлкөмүндө мыктынын мыктысы катары баалап келишкен. Казакстан, Тажикстан жана башка коңшу өлкөлөргө байма-бай чакырып, бирге кызматташуу иштери жүрүп турган. Казакстандын Чымкент шаарынан бейтаптар бизге келип, бир күндүн ичинде операция жасатып, кайра кетип турушкан. Кийин коңшу Тажикстандан келе башташты. Бишкектен да 250 бейтап бизге кайрылып, бүтүнкү күндө абалдары абдан жакшы. Ушундан улам биздин борбор алгач Чымкент шаарына, эми Бишкекке филиадцарды ачып отурабыз. Бул эми биздин борбордун акча табуу жолуна караганда, бейтаптарга жакындан жардам берүү жагы абдан маанилүү экенин баса көрсөткүм келип турат.

-- Биздин дарыгерлер сиздердин борбор менен алака түзүү маселеси каралганбы, жалпы тил табыша аласыңарбы?

-- Сөзсүз  тил табыша алабыз, ансыз болбойт. Сиздердин дарыгер баарын аныктайт, бейтапты кандай жол менен дарылайт жана айыктырат. Эгер биздин борбордун жардамы керек болсо бизге кайрылат. Мына ушундай форматта гана иш алып барууну көздөп турабыз. Караңыз, заманыбыз күн сайын эмес, саат сайын өзгөрүүгө дуушар болууда. Тилекке каршы, илдеттер да жаңыланып, адамзаттын акыл көрөңгөсү менен жарышып турган чак. Ал эми дарыгер ушул өңүттө алып караганда, саат эмес мүнөт сайын билимин, интеллектисин, акыл көрөңгөсүн терендетип туруу абзел. Жаңы технология, жаңы дары-дармектер, жаңы медициналык жабдыктар...

-- Өзүңүздүн кесибиңиз жөнүндө эки ооз сөз? 

-- Мектепти бүтүп техникалык жогорку билим алдым. Кийин экономика-финансы жагынан экинчи жогорку окуу жайдын менеджмент жагын аяктагам. Менин ишим - дарыгерди бейтап менен, дары-дармек менен, медициналык жабдык менен, эң негизгиси, жакшы айлык менен камсыз кылышым керек. А дарыгер болгону бейтапты дарылап, саламаттыгын сакайтыш керек.

Булак: Сурат Жылкычиев, АЗИЯnews


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83