www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ички үнүнө ишенген Уинстон Черчилль...көп өтпөй Черчилль түрмөдөн качууну ойлой баштайт.

Кызгалдак Жакыпова 29-июнь 2019, 14:15

Турмуш Адабият


Ички үнүнө ишенген Уинстон Черчилль...көп өтпөй Черчилль түрмөдөн качууну ойлой баштайт.

Черчиллдин атасы лорд Рэндольф жана анын америкалык аялы Дженни Джерам Мольбордогу белгилүү герцогдордун бирине конокко келип, шартка байланыштуу копко жашап калууга аргасыз болот. Анткени лсди Рэндольф кош бойлуулуктун акыркы жумасында эле, бирок төрөт эмнегедир эки жумадан кийин башталат. Калыбы, Черчилль энесинин ичинде жатканда эле өжөр. көк болорун билдирген окшобойбу. Ал 1874-жылы 30-ноябрь күнү жарык дүйнөгө келет.

Эгерде Черчиллдин өмүр-баянына жакшы баам салсак, анда түшүндүрүп бере алгыс, мистикага жыш толгон окуялар кездешет. Мисалы, жаш кезинде «Морнинг пост» гезитинде кабарчы болуп иштеп жүрүп, англо-бур согушуна ата-энесине айтпастан жөнөп кетет. Ал өмүргө коркунуч келтирүүчү «оюндарды» жакшы көргөн. Жыйынтыгында анын отряды бурлар менен теңдешсиз согушта туткунга түшүп калат. Бур жоокерлери колго түшкөн туткундарды темир дубал менен курчалган түрмөгө айландырылган мектепке тыгышат. Ал жерде жүздөгөн британ аскер адамдары эрксиз күндөрүн өткөзүп жаткан болчу. Бур армиясынын штаб башчысы Уинстондун лорд тукумунан экенин билип калып, чоң акчага башын азаттык кыларын айтат. Чындыгында туткунга дайым эле белгилүү адамдын балдары түшө бербейт эмеспи. Анан мындан ким болбосун пайдаланып, байыгысы келбесин... Намыскөй Черчилль штаб башчысынын сунушун четке кагып, англис тутукундары көргөн күндү чогуу көрөрүн билдирет.

Ушундан көп өтпөй Черчилль түрмөдөн качууну ойлой баштайт. Ал кайтаруучу посттордун жайгашуу абалын, күзөтчүлөрдүн алмашуучу убактысын бүт иликтеп бүтүп, ыңгайлуу учурду күтөт да, кароолчу ордунан жылып, көчө тарапты карап калганда дубалды көздөй чымын-куюн боло жүгүрөт. Черчилль дубалдан арандан зорго ашып түшүп, коюу бадалдарды аралап качып жөнөйт. Эми жеңилдене үшкүрсө болот, бирок алдыда дагы узак жол турган. Өз армиясына жетүү үчүн кеминде 300 км жолду басып өтүүсү керек эле. Кийинчерээк Черчилль эскергендей, ага жолду көз алдына элестетилген кандайдыр бир жебе жардам берип, жолду көрсөтүп жүрүп отуруптур. Кудайбы, же колдоочу периштелери жөнөткөн жебеби, ал арып-ачкан Черчиллди ээн талаадагы фермага туш кылат.

Фсрманын ээси туткунду куугунчулардан жашырып, аман сактап калат. Анын башы үчүн 25 фунт акча сайылган болчу. Фермер жоокерди дарылап, айыктырган соң, англичандарга жеткизет. Черчилль британ постуна жеткенде аны улуттук баатыр катары кубанычтуу тосуп алышат... Черчиллдин башынан дагы бир таң калычтуу окуя 1918-жылдын 9-августуна болуп өткөн эле. Анда англиялык армия чечүүчү салгылашуу алдына турган. Ал Францияга тез арада учуп келип, эртеси таң азанда иниси Джек жана эки офицер менен Ланатт кыштагына жакын салгылашуу болгон жерге барышат. Аңгыча Черчиллдин өңү кубарып, айдоочусуна машинаны токтоттуруп, ичендегилерди ай-буйга келтирбей калың бадал арасына сүйрөп жөнөйт. Бешөө машинадан жаңы гана жүз метрдей алыстаганда, асмандан немецтин самолеттору көрүнөт да, эң биринчи бомба машинанын дал үстүнө түшөт. 1922-жылы жайында Англия менен Ирландия ортосунда келишпестик күчөп, кырдаалды жөнгө салуу өлкөнүн башкы максаты эле. Июнь айынын башында англиялык маршал, сэр Генри Уильямс өз үйүнүн жанынан ИРА (Ирландия республикалык армиясы) боевиктери тарабынан өлтүрүлсө, бир айдан кийинки курмандык - англо-ирландык союзу жөнүндөгү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан Майкл Коллинз болот.

Бул учурда Черчилль колония иштери боюнча министр эле. Черчиллдин дагы өмүрүнө коркунуч туулуп, анын дарегине коркутуп-үркүткөн каттар түшүп жаткандыгына байланыштуу жан сакчы берилген болчу. Өмүрү кыл учунда турганына карабастан Черчилль сыртынан кебелбей жана токтоо бойдон кала берген. Бир жолу гана ал өзүн кызыктай алып жүрүп, жеке лимузинине отурбастан, артында коштоп жүргөн машинага түшөт. Автоунаалар ордунан жылар замат министрдин лимузини асманга ыргыйт. Көрсө ИРАнын боевиктери Черчиллге таандык машинага бомба коюшуптур. Дүйнөлүк экинчи согуш, 1941-жылдын март айы. Эми Уинстон Черчилль - премьер-министр. Немецтер 1940-жылы Уинстон Черчилль тарых жүрүшүн өзгөртүүдө маанилүү роль ойнойт. Бүтүндөй Европа өлколөрү жарга такалгандай. Жалгыз Германия аларды басып алууга даярданып жаткандыгы туурасында маалыматтар үстөккө-босток жаай баштайт. Америка бириң өлүп, бириң кал дегенсип сыртын салып, согушка кийлигишпей сынап кароодо, ал эми Англияда бекем, күчтүү армия жок. Эми өлкө кантет? Анткени менен Черчилль кошуна мамлекет башчыларындай дароо багынып бербестен, гитлердик баскынчылар менен салгылашууну чечет.

Ал жеңиш Англия тарапта болоруна бөркүндөй ишенген! Ошентип кичинекей Англия Европа өлкөлерүн бүт өзүнө багындырган Гитлерге каршы жалгыз чыгат! Мында сэр Черчиллдин купуя сыры, ырымы бар болчу. Ал турмуштук тажрыйбасында тагдырга ким биринчи чабуул койсо, ошол жеңерине көзү жеткен. «Маңдайыма жазган ушу экен деп отуруп калба. Тагдыр менен күрөш, ага чакырык сал, жармаш, жабыш. Ошондо тагдыр сага жеңилип, эркиңе баш ийип берет» деп күндөлүгүнө жазган. Айткандай эле ал дайыма тагдыр менен кармашууда жеңүүчү болуп чыкчу.

Черчиллдин сүйүктүү ишараты-башын бийик көтөрүп, жаагына латын тамгасы «V» "Victoria", «Жеңиш» деген маанини туюндуруучу белги-сөөмөй менен ортоңку манжаны тийгизүү эле.

Ал дүйнөлүк экинчи согушта жер алдындагы бункерде - министрлер бөлмөсүндө түн бир оокумга чейин иштечү. Азыр ал жер музейге айланган. Бул уникалдуу музейге кирген адамдардын көбү күтүүсүз кан басымы бир жерде көтөрүлүп, дагы башка бөлмөдө түшүп, айтор, денеси ысык-муздай бергенин даттанышар эле. Айрымдар кимдир-бирөөнүн дабышын укса, бөлөгү жаны сүртүп кеткен полдон аскер өтүгүнүн изин көргөнүн айтканга ашыкчу.

Бункерден сыртка чыкканда чын эле өзүңдү бир топ эле жеңил сезип каласың. Мүмкүн жарыктан сезимди бийлеген түшүнүксүз коркунучтан кутулгангабы же аталардын эрдигине бир сыйра таазим эткен үчүнбү, айтор, эки ийинден баскан жүктөн арылгандай болосуң...

Булак: СЫРДУУ ДҮЙНӨ


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83