www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Апчеси Майрам Акаевага таянып алып Равшан Жээнбеков Кыргызстанды бүлүнткөн, эми эмне дейт?

Перизат Кутманалиева 04-июль 2019, 09:50

Коом


Апчеси Майрам Акаевага таянып алып Равшан Жээнбеков Кыргызстанды бүлүнткөн, эми эмне дейт?

Кыргызстанды “кедейлештирүү” боюнча Майрам Акаевадан кийинки башкы ролду аткарган Равшан Жээнбеков митингде сүйлөптүр. Туалеттен өйдө менчиктештирип, апчеси экөө Кыргызстандын эң даамдуу жерлерин бөлүп алган. Аны Бакиев да, Отунбаева да, Атамбаев да бийликте турганда, кекиртегинин кенендигинен жакын жолотушкан эмес. “Эшегине жараша тушагы” –дейт, эми Атамбаевди шынаарлап калыптыр. Атамбаевдин тарапташтары уюштурган тынч митингде сөз сүйлөгөн алкы бузук саясатчы Равшан Жээнбеков Атамбаевди басмырлабай, анын күчтүү оппозиция болушуна шарт түзүү зарыл экенин белгилеген. Акылына эми келиптирби, кечээ ал бийликте турганда башкача сүйлөй турган. Ошондой эле бийлик менен оппозицияны диалогго чакырган. Мейли бийлик менен оппозиция диалогго келишсин. Арийне, Равшан Жээнбековдун бул жерде эмне тиешеси бар? Же бир жерге кыпчылып алып, дагы жесем деп турабы?

Булак: «NazarNews.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83