www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сооронбай Жээнбеков Швейцарияга эмес, Швецияга барса жакшы болмок, Камчыбек Жолдошбаев жарылып өлө турган жер ушул жер экен

Перизат Кутманалиева 10-июль 2019, 14:28

Аналитика


Сооронбай Жээнбеков Швейцарияга эмес, Швецияга барса жакшы болмок, Камчыбек Жолдошбаев жарылып өлө турган жер ушул жер экен

Депутаттын айлыгы

1957-жылга чейин депутаттар айлык алган эмес. Азыр алган айлыктары 40 миң крон же мугалимдердин айлыгы менен барабар. Депутаттар өз айлыгын көтөрө алышпайт.

Автопарк

Депутат ишине коомдук унаалар менен барат. Эмнеге депутаттар автобуска түшөт деген, Камчыбек Жолдошбаев жарылып өлө турган жер ушул жер экен. Мамлекет аларга “проездной” берет. Мамлекет менчигинде үч гана машина бар: президент үчүн, премьер үчүн жана орун басарларына, өтө официалдуу учурларда гана пайдаланылат.

 

Депутаттын тамактануусу

Парламент жайгашкан жерде официант деген жок. Ар бир депутат өзүнө-өзү тамак-аш сатып алат, тамак ичкен соң, жакшылап жууп туруп, ордуна жеткизип коюуга милдеттүү. Мамлекеттин эсебинен кымбат ресторанга баруу бул нонсенс болуп эсептелет.

 Жардамчылары

Бир да депутат катчы, ассистент алууга укугу жок. Партия тарабынан барына бирдей секретариат түзүлгөн. Өз кызыкчылыгы үчүн эч ким аны пайдалана албайт. Депутат расписаниени өзү түзүп, кофеге өзү чуркап барат. Экс-депутатка иш тапкыча айлыгынын 85 % берет. Эгер адам иш тапса жөлөкпул берилбейт.

 Турак-жай

Депутаттар үчүн Стокгольмдан тышкары жерде 45 кв/м бир бөлмөлүү үй каралган. Бул бөлмөнү депутат өзү тейлейт, мамлекет таратынан бир жылда бир тазаланат.

Турак-жай депутатка тиешелүү болгондуктан, анын үй-бүлөсүнүн жашоого укугу жок. Жакындары түнөп кетсе мамлекетке акча төлөш керек.

Мамлекеттик кызмат

Мамлекеттик кызмат Швецияда престиждүү эмес, ошол үчүн ал жакка элдин баргысы келбейт. Мисалы, жакында премьер-министр кызматынан баш тарткан, көп убак анын орду бош турган, анан зордук менен мурунку Каржы министрин коюшкан. Мамлекет канчалык бай болсо, ошончолук ал үчүн иштөө престиждүү эмес деген мыйзамды колдонушат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83