www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Финпол 95 миң аттестаттагы катаны териштирүүнү баштады

Кызгалдак Жакыпова 10-июль 2019, 18:28

Илим


Финпол 95 миң аттестаттагы катаны териштирүүнү баштады

“Баалардын табели, аттестатсыз, жараксыз” деген жерде “жөнүндөгү” сөзү “ң” тамгасы менен жазылган — “жөнүҢдөгү”.

Бирок аттестаттарды бастырып чыгарган “Учкун” полиграфиясынан ката кетиришпегенин, бул шрифттин эффектиси экенин билдиришкен. “Биз муну ката деп эсептебейбиз. Кичинекей шрифттин айынан жана тамгалар жакын жайгашып, басма “Д” тамгасынын куйрукчасы “Н” тамгасы менен катар жайгашкандыктан ушундай эффект жаралып калган”,- деп билдирди өндүрүштүк бөлүмдүн башчысы Нурайым Токтомушева.

Ошондой эле Туз айылынын мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аттестаттарында “РЕДНЮЮ” сөзү ашыкча жазылып калган. Финпол бул фактыларды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине “Коммерциялык уюмдарда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча каттады.

Бул Кыргызстандагы мектеп бүтүрүүчүлөрү каталары бар аттестаттарды алып жаткан биринчи учур эмес. 2017-жылы Билим берүү министрлиги басмадан кеткен ар кандай каталары бар 48 миң аттестатты алмаштырып берген. Мындан тышкары ведомстводон ката кетирген кызматкерди жумуштан бошотуудан баш тартышып, бул “адамдык фактор” деп аташкан.

Булак: “Майдан. kg” гезити


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83