www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутат Абжалиевдин уулуна байланыштуу кырсыкты эмнеге "тумандатышты"?

Кызгалдак Жакыпова 11-июль 2019, 10:10

Саясат


Депутат Абжалиевдин уулуна байланыштуу кырсыкты эмнеге "тумандатышты"?

Кырсык ар бир адамдын башында бар. Бирок, кандай гана кырдаал болбосун ачык - айкындуулук зарыл.

Ысык-Көлдө ЖК депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобековго таандык БМВ Х-7 унаасы катуу ылдамдыкта баратып, «Лексус 300» үлгүсүндөгү жеңил унааны сүзгөн. Окуя 7-июлда таңга маал 04:35те болгону кабарланган эле. Натыйжада, күлгүңдөй болгон 4 бала каза болду. Алгач кырсык катталгандан тарта эле тийешелүү органдар маалыматты жашырып - жабууга жандалбасташканы, элдин кыжырына ойношкону эмнеси?

Кеп - Абжалиевдин уулу рулда болгонбу, же болгон эмеспи? Ичимдик ичишкенби? Соо беле? Суроолор арбып кетти.

«Артык кылабыз деп тыртык кылгандай» болбой, реалдуу чындыкты элге жеткизиши керек болчу. Эң башкы маселе ушунда. Андан кийин гана укуктук жагы каралат, балким, маркумдардын туугандары менен элдешүү жолу болобу же?...

Булак: АЗИЯnews


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83