www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Туалетке баргандан башкасын пиар кылган Аида Касымалиева

Кызгалдак Жакыпова 11-июль 2019, 10:18

Саясат


Туалетке баргандан башкасын пиар кылган Аида Касымалиева

Шайлоонун жытын эртелеп сезген Жогорку Кеңештин вице - спикери Аида Касымалиева жеңил пиарга алдырып, ойго - тоого чыкканынан бери жарнамалай баштады.

Атургай атка да минип сүрөткө түшүп, өзүнчө кайф алганын көрүп атабыз. Буга чейин чет өлкалөрдү кыдырып, саякатчы баканын образында мактаныл келсе, эми жаратылыш койнуна сүңгүп атканы ачык далил. Түпкүлүгүндө өзүн эл менен көп жолугушкан депутат катары тааныткысы келет. Аныгында, мындай жасалма жүрүшкө коомчулук деле өз баасын берет го.

Кечээ Касымалиева көп журналисттин бири катары жүргөндө Алмазбек Атамбаев жардам берип, КСДПнын тизмеси аркылуу депутат кылып койбоду беле?

Андай жакшылыкка жамандык менен жооп берип, шефин сатып кеткени кайсы логикага сыят?

Бүгүн Атамбаевдин башын аттап кетсе, эртең Сооронбай Жээнбековдуда жамандап, андан ары секирип кетпейби?

Бир саткан адам ойноок болуп, саясаттагы көнгөн адатын кайталай берерин турмуш көрсөтүп келатат эмеспи. Эми канчалык Касымалиева жасалмаланып, кийинки шайлоонун амалын миң көрсө да таасирдүү партиялар кошпой коюшу мүмкүн. «Чабал өрдөк мурда учат» дегендей, эртен канаттары талып калбаса болду, четке сүрүлүп, дейт "АЗИЯnews" гезити.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83