www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АУДИО - Батукаевди өлкөдөн качырган чиновниктер эмнеге тегиз жазаланбайт?

Кызгалдак Жакыпова 11-июль 2019, 10:43

Саясат



АУДИО - Батукаевди өлкөдөн качырган чиновниктер эмнеге тегиз жазаланбайт?

Кримтөбөл Азиз Батукаевди өлкөдөн чыгарып жиберишкен чиновниктер тегиз түрдө жазаланбай, алаланып атканы коомчулукта кызуу кеп болууда.

Маселен, агездеги күч органдарын тейлеген вице - премьер - министр Шамил Атаханов, саламаттык сактоо министри Динара Сагынбаева сыяктуу мурдагы чоңдор аз убакытка камалышып, эркиндикке чыгып кетишкен.

ЖАМКнын экс - башчысы Зарылбек Рысалиев курортто жатканы кабарланды. Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Бусурманкул Табалдиевдин өлкөдөн качып кеткени айтылса, соттордун башында турган Феруза Жамашевага деле сөз тийбейт. Негизи Батукаевди Кыргызстандан чыгарууга аралашкан жогорку чиновникгердин баары тегиз жазаланса болбойт беле?

Тилекке каршы, катардагы дарыгерлер менен Аида Салянова камалганы күмөн ойлорду туудурууда. Эмнеге баары укуктук талаада тегиз талданбайт?

Эл карап турат да. Же бул жаатта тергөө тобу ынанымдуу негиздерди айта алышпаса, анда аягын кандай элестетебиз? Суроолор арбын. Жообу кана?

Булак: АЗИЯnews


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83