www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АУДИО - Президенти Сооронбай Жээнбековдун Швейцария Конфедерациясына расмий визитинин алкагындагы келишимдер

Кызгалдак Жакыпова 11-июль 2019, 10:58

Расмий кабарлар



АУДИО - Президенти Сооронбай Жээнбековдун Швейцария Конфедерациясына расмий визитинин алкагындагы келишимдер

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Швейцария Конфедерациясына расмий визитинин алкагында 10-июлда өткөн Швейцариянын ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлду.

Кол коюлган документтер:

— Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги менен Швейцариянын Бириккен Соода палатасынын ортосундагы өз ара кызматташтык тууралуу документ;

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм Департаменти менен «Switzerland Tourism» Улуттук маркетинг уюмунун ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана туризм чөйрөсүндө кызматташтык тууралуу документ;

— Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору менен Цюрих Университети жана Цюрих Университеттик Госпиталынын ортосундагы респиратордук, ички жана бийик тоолуу медицина жана изилдөө чөйрөлөрүндө кызматташтык тууралуу документ.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83