www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Күбө катары сурак берүүдөн корккон кабылан изинен кайтты

Кызгалдак Жакыпова 11-июль 2019, 11:00

Саясат


Күбө катары сурак берүүдөн корккон кабылан изинен кайтты

Мурдагы президент А. Атамбаевдин адвокаты Слесарев: «ИИМ Атамбаевди суракка чакырганга негизи жок болчу. Себеби анын «КР президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери боюнча» мыйзам менен кепилденген кол тийбестиги бар. Ал эми 15.05.2019-жылы ага киргизилген өзгөртүүлөр Атамбаевге тиешелүү эмес. Конституция боюнча мыйзам аркага иштебейт», - деген жооп жасады. Мындан башка да бир нече жагдайларды айткандай болду. Бирок, биз адегенде мыйзам аркага иштебейт дегени боюнча сөз кылалы. 

Адвокатты түшүнсө болот – бул анын жумушу, өзүнүн кардарынын кызыкчылыгында кандай гана илинчек болсо да тапканга аракет кылат. Бирок, бул жерде ал адвокат мыйзамдын аркага иштебей тургандыгы боюнча конституциялык норманы жумшак айтканда өтө эле одоно түшүндүрүп жатат. КР Конституциясында бул принцип боюнча айткан эки берене бар. 6-берененин 5-бөлүгүндө көрсөтүлгөн: «Жаңы милдеттерди же жоопкерчиликти күчөтүүнү бекиткен мыйзам же башка нормативдик-укуктук актылар аркага иштебейт». Аналогиялык норма 28-берененин 1-бөлүгүндө бар: «Жоопкерчиликти бекитүүчү же күчөтүүчү мыйзам аркага иштебейт». Адегенде «Жоопкерчилик» деген эмне экени боюнча түшүнүп албайлыбы. Кеп кылмыш жоопкерчилиги тууралуу болуп жаткандан кийин, бул күнөөлүү жазага тартыла турган юридикалык жоопкерчиликтин бир түрү. Башкача айтканда бирөөнү кылмыш жоопкерчилигине тартууда ал кылмыш жасалган убакта иштеген мыйзамга салыштырмалуу жаңы, көбүрөөк катаал мыйзам колдонулбайт дегенди түшүндүрөт. 

Эми жогоруда айтылган теоритикалык бөлүктү Атамбаевдин айткандарына колдонуп көрөлү. Бул жерде мурдагы президентти күбө катары суракка чакыруу кагазын берүү кылмыш жоопкерчилигине тиешелүү мыйзам аркага иштебей турган принципке таптакыр жакындабайт. Сурак жана кылмыш жоопкерчилиги – бул таптакыр эки башка нерсе. 
Мыйзам аркага иштебей тургандыгы боюнча кийинки момент – бул «жаңы милдеттерди» беките турган мыйзамдарды же башка нормативдик-укуктук актыларды колдонууга жол бербөө. «Милдет» түшүнүгү - бул кимдир-бирөөгө жүктөлгөн жана сөзсүз аткарылууга тийиш болгон аракет. 

Мына ушуну да Атамбаевдин адвокатынын айткандарына негиздеп көрөлүчү, 2019-жылдын 15-майында «КР президентинин ишмердүүлүгүнүн кепилдиктери боюнча» мыйзамга кирген өзгөртүүлөр экс-президентке эч кандай жаңы милдеттерди жүктөбөйт. Андыктан анын тергөөчүгө барып, көрсөтмө берип коюусу жаңы милдет болуп саналбайт. Демек, адвокат Слесаревдин айткандары бул жерде таптакыр эле мыйзамга туура келбейт жана Атамбаев бардык жарандар сыяктуу эле күбө катары көрсөтмө берүүгө барышы керек. 

Мындан сырткары адвокат «Жогорку Кеңештин экс-президенттин кол тийбестигин жана экс-президент статусун алуу боюнча токтому юридикалык жактан жараксыз», - деди. Буга дагы Конституциянын 69-беренесинин 2-бөлүгүндө жооп бар: «Экс-президенттин статусу мыйзам менен бекитилет». Мындай мыйзам 2003-жылы кабыл алынган, андан кийин 2005-жылы 9-апрелде, 2013-жылы 11-октябрда жана 2019-жылы 15-майда өзгөртүүлөр менен кабыл алынган. Башкача айтканда, Конституция Жогорку Кеңешке өзүнчө мыйзам кабыл алганга укук берген. Ал эми мыйзам кабыл алуу парламенттин өзгөчө укугу экени мектеп окуучуларына да маалым. Андыктан бул жерде да мамлекеттин Конституциясынын талаптарын аткарбай койгон эч кандай жагдай жок. 

Анан адвокат аягында «Мыйзамда экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу процедурасы каралган эмес, болгону экс-президенттин статусун алып салуу процедурасы каралган» дейт. Буга дагы мыйзамдын өзүндө так жооп бар: «Кыргыз Республикасынын экс-президенти анын КР экс-президенти статусунан ажырагандан кийин кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн» (12-берененин 3-бөлүгү). Кайсыл жерде кылмыш жоопкерчилигине тартуу болсо, ал жерде сурак да болот. Андыктан Атамбаевди коргоо үчүн айтылган бул сөз дагы негиздүү эмес. 

Макалабыздын аягында Атамбаев жаран катары милдеттерин билип жүрүшү үчүн Конституциянын төмөндөгү жобосун келтиребиз: «Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында баары бирдей»! Бул жерде юридикалык жоопкерчиликтен сырткары маселенин саясий жана моралдык жактары да бар. Ошондой эле күбө катары сурак берүүдөн качуу мамлекеттин мурдагы башчысынын ниетинин таза эмес экендигинен да кабар берип тургансыйт. Кызматтан, бийликтен кеткенден кийин да репутациясы сактоо керек.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83