www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз-дунган улутундагылар  ортосунда мушташ чыкты

Перизат Кутманалиева 11-июль 2019, 11:09

Коом


Кыргыз-дунган улутундагылар  ортосунда мушташ чыкты

 Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Восточное айылындагы мушташ тууралуу маалымат берди. 10-июлдагы окуяны калайман мушташ жана улут аралык чыр деп атоого болбойт. Мушташ коңшулардын суу талашынан улам, турмуштук негизде келип чыккан.

Бул окуяга байланыштуу Восточное айылына коңшулаш Искра кыштагында эл топтолуп турганы, ал жакка милициянын кошумча күчү тартылганы тууралуу кеп да тарап кеткен.

Кабарга караганда, 10-июлда коңшулардын суу талашы мушташка чейин жетип, андан үч киши жабыр тартып ооруканага жеткирилген. Алардын экөө ата-бала, бирөө урушкандарды ажыраткан айыл тургуну. Мушташка кыргыз-дунган улутундагы коңшу жашаган жарандар аралашканы айтылууда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83