www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ширин Айтматова менен Гуля Алмамбетова психикалык жактан оорулуубу?

Кызгалдак Жакыпова 11-июль 2019, 12:25

Саясат


Ширин Айтматова менен Гуля Алмамбетова психикалык жактан оорулуубу?

Коомчулуктун кайсы бир бөлүгүнө береги эки аял таанымал. Өзгөчө жүрүм - турумдары менен кеп болуп келишет. Эмесе, элди эриктирбей экөөнүн жүзүнө «черткилеп» коёлу.

«Атың чыкпаса жер өрттө» дегендей, буга чейин экс - депутат Ширин Айтматова акылдан адашкандай акция жасап, Райым Матраимовдун кадыр - баркына шек келтирген сүрөт тарттырып, орунсуз сөздөрдү жаздырган болчу. Коомчулук анын мындай ыксыз жүрүшүнө итиркейи келгенин кайда жашырабыз?

Ары жагында жок болсо, айла жок экен да...

Эске салсак, Ширинканы 2010-жылы ӨмүрбекТекебаев «Ата Мекен» партиясына атасынын кадыры үчүн киргизип, депутат кылган болчу. Кийин «атамекенчилер» түңүлүшүп, кутула албай жүрүшкөнү жалган беле?

Жүрүш - турушу менен тар чөйрөнү таңгалдырганын унуттукпу?

Эми болсо Райым Матраимовго карата көрүп - көрбөй үргөн «иттердин» катары суюлуп баратканда «үн кошоюн» дегени го? Эпкиндебесең коё кал!

Дагы бир жагдайга токтололу. Аз күн мурда Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун кеңешчиси Гуля Алмамбетова заарасы башына тепкендей чочуп кетип, Твиттер баракчасына Райым Матраимовду жазып, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп жибериптир. Мааниси, себеби жок эле былжыраган. Окугандар Гулянын психикалык саламаттыгынан шек санашып, баш чайкашты. Бул уятсыз мурда да депутат Махабат Мавлянованы ашатып, кайра элдешүүнү оозанганда эле түңүлгөнбүз. Бишкек мэри Суракматов дал ушундай богооз катынды кеңешчи кылып жүргөнү таңгалычтуу. Шефин да сөгүп атып мээсин айлантып койгондон сообу?

«Эшегине жараша тушагы» дейт. «Сен досуңду көрсөтчү, ким экениңди айтып берейин» дегендей, окшошконго мушташкандар үйүгүшүп алышса, анан кантип шаар көйгөйү чечилмек эле?

«Кой аксагы менен миң» дегендей, эл ичинен эси жоктордун чыкканы ушулбу? Булар мораль, этиканы уруп ойношпойт окшойт. Кайран жер кантип көтөрөт мындай эки аяктууларды?..

Булак: АЗИЯnews

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (1)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Арстан Жолборсов, 11-июль 2019, 15:29
Ширин менен Гуляны качан эле текшертиш керек эле. Экоонун кебетесин карасанар чочколорго окшош, бироосу шаарды булгап журот, бироосу нашадан чегип согунуп журот. Экооно эч ким конул бурбай калган, ушинтип оздорун пиарлап жатышат. Будар Вандалка жана Бок соз=партия "Чочколор"
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83