www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АУДИО - Атамбаев экинчи жолу да тергөөнү тоготкон жок

Перизат Кутманалиева 11-июль 2019, 13:39

Коом



АУДИО - Атамбаев экинчи жолу да тергөөнү тоготкон жок

Батукаевдин иши боюнча чакырылган Атамбаев тергөөгө келген жок. 27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди экс-президенттик жана кол тийбестик макамынан ажыраткан. Экс-президент Алмазбек Атамбаев экинчи жолу Тергөө кызматына суракка барган жок. Бул тууралуу адвокат Сергей Слесарев билдирди: “Мен азыр ИИМге кайрадан кат даярдап жатам. Алар кол тийбестиги бар кишини суракка чакыруу менен алар кайрадан мыйзамды бузуп жатышат. Дагы бир жолу кошумча нормативдик актылар аркылуу биздики туура экенин түшүндүрүп кат жөнөтөм”.

Атамбаев менен Слесаревдин пикири боюнча  экс-президент деген макамдан ажыратуу боюнча парламенттин чечими мыйзамсыз. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге экинчи чакырууну 10-июлда жиберген. Анда Атамбаев күбө катары 11-июлда эртең менен саат 10:00гө Тергөө кызматына барышы керек экендиги жазылган. Мыйзамды ошол мыйзамды түшүнгөн экс президент бузуп жаткан жокпу?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83