www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев менен жактоочусу Слесаревдин бетине суу чачып ойготуш керекпи?

Кызгалдак Жакыпова 11-июль 2019, 14:10

Саясат


Атамбаев менен жактоочусу Слесаревдин бетине суу чачып ойготуш керекпи?

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге 10-июлда ИИМдин тергөө кызматынан экинчи ирет кайсы бир кылмыш ишине күбө катары сурак берүүгө чакыруу келип түшкөн. Бирок, бул жолу дагы ал суракка баруудан баш тартты. Эске сала кетсек, ага биринчи чакыруу 8-июлда келген. Анда да баш тарткан эле. 

Атамбаевдин адвокаты Слесарев «Кол тийбестиги бар адамды суракка чакыруу менен алар мыйзамды бузуп жатышат» деп маалымат булактарынын бирине билдиргени да белгилүү болду. Бирок, АШАнын «экс-президент» деген статусу жана кол тийбестиги 27-июнда Жогорку Кеңештин токтому менен алынып салынганын коомчулук жакшы билет. 

Эгерде ал өзүнүн таза экенине, эч кандай мыйзамсыз иштерди жасабаганына ишенсе, анда ал суракка баруудан коркпойт эле. Жөн гана күбө катары баруудан коркуп жаткан ал айыпталуучу катары чакырылса, анда хансарайынын жертөлөсүнөн чыкпай калат окшойт.

Атамбаевге го Хатамбаев, тиги мыйзамды билген Сергейге эмне болду же жуктубу? Эшек минип алып "жоо-оооок,  бул төө" дейт го.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83