www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Манас Арабаевдин эркиндикке чыгып кетиши элге урулган сокку болду

Кызгалдак Жакыпова 11-июль 2019, 15:30

Саясат


Манас Арабаевдин эркиндикке чыгып кетиши элге урулган сокку болду

Өткөн жумада Манас Арабаев үй камагана чыгып кетти. Ага карата кызмат абалынан кыянат пайдалануу, кайсы бир топтордун кызыкчылыгын көздөө жана инвесторлордун мүлкүн тартып алуу боюнча айыптар коюлганы айтылган.

Андан сырткары, мурдагы режим тушунда адам укуктарын тепселеп, саясый куугугауктарды уюштурганы да ЖМК беттеринде жазылып келген. А реалдуулукга болсо, Арабаевдин күңүрт иштери жең ичинен бычылгаңдай болуп, көп нерсе ачыкталбай, ал эркиндикке чыгып кетти. Раиса Атамбаевага каршы көрсөтмө берүү менен мойнундагы жүгү алынып калабы?

Мыйзамдын майрыгы - «тергөө менен кызматташуу» деген балээ болду. Убагында президенттик аппараттын таасирдүү кызматкери болуп туруп, сотторду каалагандай калчаганы, далай көз жаш агызганы бүгүн тыйынга арзыбай калганы кандай?

Бул эргул камалганда Эдил Байсалов «Манас Арабаевдин жүздөгөн киши өлтүргөнгө тете айыбы бар» деп гезитибизге маек берген. Дал ушундай адам жеңил жол менен күнөөсүнөн арылууга багыт алганы эмнени түшүндүрөт?

Азыр түрмөлөрдө болбогон жалаалар менен жүздөгөн мекендештерибиз жөн жерден отурушса, анаи кайдагы теңчилик жөнүндө сөз кылабыз?

Кыскасы, бүгүн да укук коргоо, сот органдары карапайым калкты эзгени, ошол эле маалда чөнтөгү калың, кечээги таасирдүү чиновниктерди калкалаганы байкалды. Мыңдай жүрүштүн арты жакшы болчу эмес эле, деп коомчулукка пикирин жар салган "АЗИЯnews" гезити.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83