www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эми Индия кинолору Алай менен Кара-Кулжанын тоолорунда тартылат

Кызгалдак Жакыпова 11-июль 2019, 17:02

Турмуш Маданият


Эми Индия кинолору Алай менен Кара-Кулжанын тоолорунда тартылат

Эми Индия кинолору Алай менен Кара-Кулжанын тоолорунда тартылат. Мындай ниетин Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Алок Амитабх Димри мырза Ош облус жетекчиси Узарбек Жылкыбаев менен жолугушуу учурунда билдирди.

Индия мелодраммаларындагы кооз табият, тоолор, көлдөр, кышкы табийгат Улуу Британия жана Шотландиядан тартылат. Бул өтө кымбат. Дал ошондой кооз табийгат жылдын 4 мезгилинин керемети Кыргызстанда да бар. Кыргызстандан тартылса, туризмди жайылтууга да кенен жарнама болмок" -. деген пикирин билдирди Элчи мырза өз сөзүндө.

Мындан сырткары Индия тарап табийгый тоо балы менен кыргыз жаңгагын импорттоого кызыкдар. Өкмөттүн өкүлү Узарбек Жылкыбаев Алай Тоолорундагы эко туризм багыты мыкты өнүгүп жаткандыгын, инфраструктура да ыңгайлуу экендигин белгилеп, 1 ай аралыгында айтылган сунуштар боюнча маалыматтарды даярдап, кызматташууну баштоо мүмкүнчүлүгүн белгиледи. "Рамаяна" тарткан тажрыйбасы боюнча, "Манас" эпосу боюнча да тасма тартуу сунушу айтылды.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83