www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улукбек Маматаев: “АША жубайын былыгы билинген соң “Раиса болбой калды...”- деп кетирип, жаңы аял алышы керек болобу?

Кызгалдак Жакыпова 11-июль 2019, 17:44

Саясат


Улукбек Маматаев: “АША жубайын былыгы билинген соң “Раиса болбой калды...”- деп кетирип, жаңы аял алышы керек болобу?

“Ак калпак” саясий партиясынын төрагасы, Улукбек Маматаев, “АША жубайын былыгы билинген соң “Раиса болбой калды...”- деп кетирип, жаңы аял алышы керек болобу?”, деп “Майдан. kg” гезити менен маек курган. 

-Улукбек мырза, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “Соке болбой калды...”- деген аталышта өзүнө караштуу “Форум” имаратынын жанында өткөзгөн шоу-митинги жөнүндө кандай ойдо калдыңыз? Олуттуу нерсе уга алдыңызбы?

-Ачыгын айтканда, элдин башын айлантуу, алдоо, алаксытуу жагынан экс-президент алдына эч кимди чыгарбайт. Ошол жагынан алып караганда, “Соке болбой калды...”- деген митинги да аргасыздан уюштурулуп калган нерсе болду. Анткени, Жогорку Кеңеш АШАны экс-президент макамынан ажыраткандан кийин бүгүнэртең камалып калуудан коркуп, айылдаш, туугануруктарынан Кой-Ташта тирүү коргон уюштурганын уккан бекерпоздор, жеңил оокатка, акчага кызыккандар үйүнө аз убакытта эле батпай калганын көрдүк. Кулбазарда эмгектенгендерден бери көчүп барып, эрмектешти. Корооңдо эл бытырап турса ким болбосун, жүдөйт да, анын үстүнө алар кымбат баалуу газонуңду тебелеп, түкүрүп-каакырып, таштандыны үйүп жатса...

Эртедир-кеч мындан ал өзү дагы тажамак. Ушунча адамды көп убакыт багып, акча коротуп олтурса эртең шымын дагы чечип берүүгө туура келерин илгертпей түшүнгөн АША акыры анын баарын “Форумдагы” митингдин шылтоосу менен короосунан “маданияттуу” айдап чыкканын көрдүк. Митингде бийликке эки ай убакыт беримиш болду. А чынында, Кой-Ташка толуп кеткен бекерчилерден кутулуштун эле айласы болду. Атамбаевдин эч нерсе боло электе эле эмнеге өң-алеттен кетип, “атышам”, “курутам”, “кетирем”- деп ызырынганын түшүнсө болот. Табиятынан коркок адамдар гана ушундай кадамга барышат. Жеке керт башынын тобокелчилигине келгенде ушундай паникага алдырышып, алдан тайышат. АША таза, чынчыл саясатчы экен, анда эмнеден коркот?

Анда эмнеге ал энелер, аялдар, жаш балдардан өзүнө тирүү коргон уюштурат, таш төктүрүп, блокпост коёт? Анын үстүнө, мунун баарын ал кылмыш иши козголбой жатып жасоодо. Же бир жерден уктукпу?

ИИМ аны жөн гана күбө катары суракка чакырса, ай-ааламга жүрөгү түшүп, айгай салып, жер сабап жатып калды. Анчалык эмнеге чычалап жатат?

Барса эле, дароо камаларын же жонтериси менен сезип турган үчүнбү?

Биз билбейбиз, бирок, ал өзү эмне иш кылганын сопсонун билип турат, агонияга берилип кеткени – ошол кыңырынан корккондогу кербези эмеспи. Анчалык апакай периште болсо, мисалы, таза экендигин билсе, коркпой суракка барып, ошол актыгын далилдөөгө эмнеге болбосун!

Мен чынында бийликтин АШАны мынчалык эмнеге эркелетип жатканын түшүнбөй жатам. Себеби, ал өзүнүн Кой-Таштагы спектакли аркылуу Кыргызстандын мыйзамдарын сыйлабастыгын көрсөтүп жатат. Атүгүл, айрым аракеттери менен ачык эле мыйзамдуу талаптарга баш ийбестигин, суракка чакырса да барбай, а эгер өздөрү келсе куралдуу каршылык көрсөтө тургандыгын ачык айтууда. Кээ бир билдирүүсү менен аймак аралык кастыкты козутуп жатат. Сүйлөгөн сөздөрү менен жасаган иши дал келбей турат.

Демек, АША жеке өзүнүн керт башын сактап калуу үчүн, Кыргызстанды бөлүп жиберүүдөн кайра тартпайт, граждандык согушка да кайыл. Эми ойлоп көрүңүз, президент болуп жүргөн адамдын жасай турган иши ушулбу?

Ал кийинки президенттерге кандай үлгү көрсөтүп жатат?

Демек, президент болуп кеткен адамдар баары кичи мекенине жатып алып, мыйзамдуу бийликке өзү каалаганды диктовать эте берсе боло береби?

Бул абдан жаман илдет жана буга окшогон арамдыкка карата бийлик чечкиндүү чара көрүшү керек. Мурунку президенттердин кадамдарын алып көрөлүчү...

Аскар Акаев өз учурунда өлкө тынчтыгын жогору коюп, өлкөдөн өз каалоосу менен чыгып кеткен, болбосо, ал дагы Кеминге боз үй тигип, олтуруп алып каршылык көрсөтсө болот беле?

АША качан болбосун сөзүнө мисалы Бакиевдерди кошконду жакшы көрөт. Эми азыр ойлоп көрсөк, Бакиев ошондо эл тынчтыгын жогору коюп, “тарых, убакыт баарын ордуна коёт, качандыр бир чындык өз ордун табат, чынында элдин канын ким төксө, ошолор жооп бере турган да күн келет”- деп өлкөдөн чыгып кеткен. Ал дагы азыр АШАга окшоп, Тейитте жатып алып, “атышам”- деп туруп алганда эмне болот эле, ойлоп көрүңүзчү?

Өткөндө сиздердин гезитте Сабыр Муканбетов жакшы айтыптыр, “АШАны камабаш керек, дарылаш керек”- таризинде. Акыркы кадамдарынан кийин, мен дагы АШАнын акыл-эси ордунда экендигинен күмөн санай баштадым. Чын эле, аны текшертип көрсөк кандай болот?

Эми митингдин өзүнүн өзөгүнө келе турган болсок – жаңы эч нерсе уга алган жокпуз. АША айтып келе жаткан эски жомокторун кайрадан уктук. Бүт баары эмоционалдык фонго толгон курулай кыйкырыктар, конкреттүү эч нерсе жок. Күлкү келтирген жагдайлар болду. Мисалы, жеке мен Ирина Карамушкинанын “элдин сүймөнчүгү” экенин мурда билген эмес экенмин. Кыргыздын калпагын тебелеп, намысына тийген кадамдарды жасаган адам кайдан элдин сүймөнчүлүгү болсун?

Анан да, “60 жылда Советтер союзу Ленин, Сталин, Хрущев биригишип кура албаган жолду Атамбаев 6 жылда куруп бүтүргөнү” чыныгы ачылыш болду!

Жалап-жуктоонун дагы чеги болот, анчалыкка барбай эле койсоңор болот эле!

-“Форумда” митингге чогулгандар бийликке бир катар талаптарды койду. Мисалы, анын ичинде аткарылбай турган – коррупция боюнча камакка алынган табакташтарын бошотуу дагы бар. Бул талаптар эки айда аткарылбаса, президентти кетиришерин кыйытышты. Буга карата эмне ойдосуз? АШАнын колунан Сооронбай Жээнбековду кетирип, революция жасоо келеби?

-Алмазбек Атамбаевди “Кыргызстанга келген кесепет, кырсыкка” салыштырып айтып жүргөн саясатчы агаларымдын көз карашын колдойм. Бирок, бул кесепеттерди жасайм деп, ал канчалаган балдар-кыздардын убалына калды. Митингге бир күн калганда КТРКнын иликтөөсү көрсөтүлүп, анда сот тармагынын серый кардиналы аталган Манасбек Арабаев ачык эле экс-президенттин жубайы Раиса Атамбаеваны мамлекеттик иштерге кийлигишүү, сотторду калкалоо, коррупцияга айыптап чыкты. Сапар Исаков, Айбек Калиев, Дамир Мусакеевге окшогон жаш балдардын убалына калганы аз келгенсип (алардын баары АШАнын айынан түрмөдө олтурганы жалганбы?), койнунда жаткан аялынын да убалына кала турган болду окшойт.

Митингдин резолюциясын окуган адам АШАнын эмнеге жандалбастап жатканын оной эле түшүнөт. Ага өлкөнүн келечеги, тынчтыгына караганда кечээки табакташтарынын тагдыры кымбат турат. Экинчи жагынан алардын көп сырларды билерин эске алып, “мына, мен силерди таштаган жокмун, жакында чыгарып алам”- деген сигнал берип жаткандагы амалы. Атамбаев “мен билбей калдым”- дегенди акыркы кезде көп айтчу болду. “Соке болбой калды...”, “Райым болбой калды...” дегенин уктук. Эми ал аялынын кылыктарын дагы билбей калган болобу?

Анда “Раиса болбой калды...”- деп кетирип, жаңы аял алышы керек болобу?

Логикасына караганда ушинтип айтышы керек да, туурабы? Ачыгын айтканда, психикалык ден-соолугу шек жараткан адамды калың журт кантип колдойт? Кой-Таштагы шоуну көрдүк го, табакташтарынын тууган журту, айылдаштарынан башка аны эч ким ээрчип кеткен жок. Мен айтып атам го, бийлик АШАны “качан тополоң салат?”- деп бүжүрөп олтура бербей, ушунусуна “шүгүр” айтып, мыйзамдуу чараларды көрбөсө, эл дагы кечирбейт. Азыр калың журт президентке ишенет.

Президент Жээнбековдон калың кыргыз эли АШАга карата олуттуу мыйзам чегиндеги чараларды колдонушун күтүп жатат. Эгер буга барбай, убакытты өткөзүп жиберсе, анда мунун баары эртедир-кеч Сооронбай Жээнбековдун өзүнүн башына таш болуп тийиши мүмкүн, дейт  Улукбек Маматаев “Майдан. kg” гезитине берген маегинде.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83