www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сонунбүбү Кадырова: “Сооронбай Жээнбековдун саясаттагы кадамы туура”

Кызгалдак Жакыпова 11-июль 2019, 17:39

Саясат


 Сонунбүбү Кадырова: “Сооронбай Жээнбековдун саясаттагы кадамы туура”

Белгилүү тележурналист Сонунбүбү Кадырова, КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун саясатын туура деп эсептейт. Бул тууралуу пикирин NazarNews.kg маалымат агенттигине билдирди.

--Сооронбай Жээнбековдун жүргүзгөн саясаты туура. Тилекке каршы учурда жемкорлорду Жээнбеков бир тараптуу камап жатат деген сөздөр тарап жатат. Жемкорлордун жанында жемкор жүрсө жемкорду камайт да, анан мени кармайт беле. Ошол Атамбаевдин жанындагылар коррупцияга чыланып жатса, бийлик ошолорду жоопко тартабы, же сырттан эле бирөөдү камаш керекпи? Кимиси күнөөлүү болсо түндүк-түштүк дебей кармап, камап жатат. Эгерде азыркы бийликте иштеп жаткан кимдир бирөө Сооронбай Шариповичти алдап мамлекеттин казынасына кол салса ал дагы бир күнү камалат, аны да изилдейт. Ошондуктан Жээнбеков президент болгондон бери ким бийликке келсе турган болсо ойлонуп кадам жасайт.

--Сооронбай Шариповчтин саясаттагы кадамы туура элеби?

--Мага Жээнбековдун эң жаккан кадамы, эч качан Атамбаевге окшоп “балп” этпестен, айтпай эле өзүнүн ишин жасап жатат, мактанган дагы жок. Ошондуктан биз Жээнбековдун башын айлантпай, ызы-чуу кылбастан бул кишиге иштегенге мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Негизи Жээнбеков президент болгонго чейин кыргыздын мыкты айтымчысы, тилекке каршы кайтыш болуп калды, “Атамбаев, кыргыз элин башкара албайт, бирок мындан кийин Кудай деген инсан президент болот, ошол кыргыз элинин жашоосун оңдойт”, деген. Чындап караганда Жээнбеков Кудай деген адам, мен ага ишенем, кыргыз элинин ишеничин актайт. Жээнбековдун ишине ийгилик каалаймын, - деди тележурналист Сонунбүбү Кадырова.

Аруужан Булекбаева, NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83