www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Москва шаарына бир күндүк иш сапары менен барды

Кызгалдак Жакыпова 12-июль 2019, 10:04

Расмий кабарлар



АУДИО - Президент Сооронбай Жээнбеков Россиянын Москва шаарына бир күндүк иш сапары менен барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 11-июлда, Швейцарияга болгон расмий сапары аяктаганда бир күндүк иш сапары менен Россия Федерациясынын Москва шаарында болду.

Сапардын алкагында ал Россиянын Президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул эки мамлекет башчыларынын кезектеги жолугушуусу, буга чейин салт болуп калгандай эки тараптуу форматта өттү.

Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путин Россиянын Президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик визитинин жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясында жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасында 2020-жылды кайчылаш жыл деп жарыялоонун алкагында иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча пикир алмашышты.

Соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу актуалдуу маселелер жана ошондой эле Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Кеңешинин алдыда боло турчу  сессиясына даярдыктар талкууланды. ЖККУ Саммити Бишкек шаарында 2019-жылдын 28-ноябрында өтөт.


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83