www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өпкөсү көпкөн Дастандын жели качан чыгат

Кызгалдак Жакыпова 12-июль 2019, 10:07

Саясат


Өпкөсү көпкөн Дастандын жели качан чыгат

Төрага Дастан Жумабеков парламенттин ишинин жыйынтыгы боюнча 3-июлда журналисттерге маалымат берди.

Төрага журналисттердин суроолооруна жооп берип жатып бүгүнкү бийликтин чачпагын чачпай көтөрүп, VI чакырылыштын депутаттары эң мыкты иш алып барганын айтты.

Баарынан кызыгы, Дастан Артистбекович анык "артисттигин" көрсөтүп, бир заматта Зайырбек Ажыматовдун калемине таандык "Мен кыргызмын" ырынын автору да болуп чыга келди.

Жоон өпкөлөнгөн төрагага, "Өйдөдөгүлөр, Дастан мырзага айтып койгулачы, ырды бузбай окусун! Анан ырга "рейдерлик" кылганды койсун. Ал айткан саптардын автору менмин. Аны 2003-жылы Дастакендин дайыны жок кезде мен жазгам" - деп Зайырбек Ажыматов жооп кылды.

Бул өпкесү көпкөн Дастандын жели качан чыгаары белгисиз. Бул жигит барган сайын элдин кыжырын кайнатып, Жээнбековдун бийлигине көлөкө гана түшүрүп жатат, деп коомчулукка пикирин жарыялаган "Ачык саясат" гезити.

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83