www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АУДИО - Эмилбек Каптагаев Атамбаевдин сөзүнө "каткырды"

Кызгалдак Жакыпова 12-июль 2019, 10:34

Саясат



АУДИО - Эмилбек Каптагаев Атамбаевдин сөзүнө "каткырды"

-Күлкүң келет, Атамбаев бүгүнкү күндө кантип кадрларды жаңылоо жана жаштардын саясатка келүүсү боюнча ооз ачып жатат?

Ал өзү 2012-жылдан бери ошол жумуш менен алек болбоду беле! «Кыйын» технологдорду жалдап, «кыйын» долбоор катары «элиталарды» алмаштырып, ага далай акча коротуп, анан да жаш лидерлерди тандабады беле!

Акыр аягында парламентте «жаңы элита» түзүлдү. Ар бир партия мүчөсүн жеке өзү текшерип, пайдасы тие тургандарды калтырып, калганын пайдалууларга алмаштырган.

Кийин Өкмөттү да дал ошол «жаңы элитадан» түзбөдү беле. Жыйынтыгында эмне болду?

Анын «Элитаны жаңылоо» ниети «элитаны жөн гана алмаштыруу» болуп калды. Ошондуктан Атамбаевдин жаңы элитасы «нукура чимкирик» болуп калды. Муну Атамбаев өзү айтып жатат. Эми барыңар көрүп тургандай, ал дагы «жаңы элита» даярдагысы келип жатат. Андан көрө Атамбаев үй - бүлөсү менен чогулуп, тергөөчүнүн суроолоруна кантип жооп берем деп ойлонсо жакшы болмок. Ага каршы көптөгөн негиздүү фактылар тууралуу сөз болууда. Булар унутула турган же катып кое турган жөн фактылар эмес, - деп  Эмилбек Каптагаев "Де - Факто" гезитине өз пикирин айткан. 

Булак: NazarNews.kg


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83