www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АУДИО - Конституциялык палатадан акыйкат чечими чыгабы?

Кызгалдак Жакыпова 12-июль 2019, 10:55

Саясат



АУДИО - Конституциялык палатадан акыйкат чечими чыгабы?

Экс президент Алмазбек Атамбаевге ИИМдин тергөө кызматы тарабынан эки жолу суракка чакыруу кагазы келди. Учурда ал боюнча Атамбаевдин мыйзамдуу өкүлү Сергей Слесарев иш алып барууда. Анын айтуусу боюнча экс-президенттин кол тийбестиги бар. Аны суракка чакырууга мыйзам жол бербейт. Экс-президенттерге карата кабыл алынган жаңы мыйзам артка иштебейт. Конституцияга карама - каршы келет. Ал эми СДПК партиясынын юристи Нурбек Касымбековдун айтуусунда, Конституциялык палатага арыз берилген. Маселе алардын чыгарган чечиминен көз каранды болот.

Эскерте кетсек, кечээ жакында эле, Асылбек Жээнбековдун эң жакын досу, кеңешчиси Карыбек Дүйшеев чагылгандай тездик менен Конституциялык палатанын төрагасы болуп бекиген. Мындан улам, бул органдын чечиминен акыйкатыкты үмүт кылсак болобу деген суроо жаралууда, дейт " Ачык саясат" гезити.

Булак: NazarNews.kg

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83