www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев: "Коррупционер болсо президент да түрмөдө отуруш керек» деген сөзүн унуттубу?

Кызгалдак Жакыпова 12-июль 2019, 11:04

Саясат


Атамбаев: "Коррупционер болсо президент да түрмөдө отуруш керек» деген сөзүн унуттубу?

Алмазбек Атамбаев 2011-жылы декабрь айында президенттик ишке киришип, бир айдан кийин жалпы республика боюнча масштабдуу соттук реформа башталарын жар салган. Дароо сот системасын реформалоо комиссиясын түзүп, аны ишке ашырууга АКШ, ЮСАИД жана IDLO эларалык укукту өнүктүрүү уюму дилгирлигин билдирген. Атамбаев:

«Жыл аягына чейин соттук системаны координалдуу реформалашыбыз керек. Адилеттүү сот система түзмөйүн чыныгы демократиялуу мамлекетти түптөй албайбыз» деген. Жылдар зымырап куштай учту, реформа жүргөн жок. 2014-жылы Атамбаев:

«Эгер биз адилеттүү сотторду кааласак Конституцияга өзгөртүү киргизишибиз керек» деген демилге көтөрүп, 2016-жылы 11-декабрда референдум менен өзгөрттү. Кызматтан кетеринде реформа ишке ашканын жар салды. Кызыгы, эми сотко барбай, чакырууларга келбей жатат. «Соттор жогор жакка көз каранды» дейт. Чамасы, Атамбаев президент болуп шайланганда:

«Эгер коррупционер болсо президент да түрмөдө отуруш керек» деген сөзүн унуткан окшойт, деп коомчулукка пикирин жарыялаган "Де - Факто" гезити.

Булак: NazarNews.kg

 

 


Бөлүшүү

Жаңылыкка болгон эмоцияңыз

Жаңылыкка болгон эмоцияңызды билдирүү үчүн өз атыңыз менен кириңиз!



Ой-пикирлер (0)

Ой-пикир жазуу үчүн өз атыңыз менен кириңиз!

Азырынча бир дагы ой-пикир жазыла элек. Сиз биринчи болуп жазыңыз!
Биз Telegram'да

NazarNews.kg эми Telegram'да! Биздин жаңылыктарды эми Telegram каналыбыздан окуй аласыздар.

Бизди Telegram'дан @nazarnewskg деп издеңиздер жана каналга жазылыңыздар!

Telegram Channel: @nazarnewskg

NazarNews'та жарнама!

NazarNews порталына жарнама орнотуу үчүн бизге кайрылыңыз!

+996 779 02 83 83
+996 779 02 83 83